№9 Теңир тоом
Жаз да келди, аалам гүлдөп,
Жытын бүркүп, арча бүрдөп,
Бир ажайып көркөм дүйнө жүрөгүмдү сергитет.
Булут ыйлап, жашын төктү,
Сагынычтуу жерди өптү,
Байчечектер гүлүн ачып көнүлүмдү эргитет.
Салкын желге жүзүн тосуп,
Дарак ырдайт обон созуп,
Табияттын миң кайрыгын жан дилимден угамын.
Аска-зоодо аппак мөңгү
Аруулукту сунган өңдүү,
Ажайып кооз ар коктудан аккан мөлтүр булагың.
Коргул ташта кийик оттойт,
Кыр жон менен үркүп токтойт,
Туш тарабын улам карап, коруп турат улагын.
Бүркүт шаңшып, канат күүлөп,
Улар сайрап, үнүн түрлөп,
Бир керемет Теңир тоомду көрүп канбайт кумарым.
