|

№10 Жаз илеби

1/5 - (1 добуш)

Жаздын жыты “бурр” деп өтүп көчөмдөн,
Айлана кооз, бүгүн жааган нөшөрдөн.
Кетпесе да чыйрыктырган илеби,
Жаздын деми көңүлүмдү көтөргөн.

Кошул-ташыл, суусу ашып өзөндөн,
Жаны тынды, өжөр жамгыр көшөргөн.
Көз тайгылат көктөмүнө суктанып,
Көркөмүнө жашыл килем төшөлгөн.

Ак пахтадай көктө булут чубаган,
Тоо этектеп үзүлүшүп кулаган.
Бой көтөрүп шашып чыккан көк шибер
Нөшөрдөн соң жерге ыргалып сулаган.

Эбак кетип, кези узап үшүүнүн,
Тал теректер жарат улам бүчүрүн.
Тирүү жандай өнүп жатса өсүмдүк,
Табигатка мен суктанган учурум.

Жолун карап, жазды утурлап чыкпадым,
Куса болуп, сагынуум жок качанкы.
Көңүл чаппай, көрккө бөлөөр ырым жок,
Бүгүн дүйнөм эмнегедир чарчаңкы.

Автор

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген