|

#11 Өрүкзар

1/5 - (1 добуш)

Жазым келди жадыраган, жайнаган,
Жаратылыш жаз канатын байлаган.
Жылуулуктун күчөтүп кең сезимин,
Жазгы куштар бакка келип сайраган.

Бак-дарактар жан киргендей кыбырап,
Бүр чыгарып, бири-бирине шыбырап.
Бак аралап көңүл толкуп шаттанып,
Балкып чыгат сезимдерим зымырап.

Өрүкзардын керемети төгүлүп,
Өмүр мага ушунча кооз көрүнүп.
Өзөгүмөн “зырп” эткендей бир нерсе,
Өзгөчөмүн жылуу сезим бөлүнүп.

Автор

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген