#12 Жазым келди
Эшикке чыксам чымчык сайрап,
Жакшы маанай тартуулап,
Жазым келди күтүп жаткан,
Камчыларын камчылап.
Жаз жадырап жаркып келсе,
Бүчүр байлап бак дагы.
Көк чөптөр да кылтыйышып,
Жаз эшигин аттады.
Кабак бүркөп анда-санда,
Жаз кылыгын көрсөтүп.
Чыйрыктырып муздак шамал,
Жылуу кезин эңсетип.
Эшик алды баткак суулар,
Чалпа-чулпа кечебиз,
Ал ансайын кубанычтан,
Жаз келгенин сезебиз.
