|

#21 Жаз

Биринчилерден баа бериңиз!

Кышы менен искеп арча түтүнүн,
Кышы менен ичиркендим, үшүдүм.
Тереземден баш бакканда бүгүн жаз,
Тегерендим, теңселдим эй, ысыдым.

Жан бүткөндүн өлүшүндө не маани?
Жаз кайрылып келишинде не маани?
Көрүнбөстүн астындагы көрүнгөн,
Көк асманды көрүшүмдө не маани?

Көк – көкүрөк, дене – чопо тар деди,
Көкүрөккө Сүйүү Өзү – Жар деди,
Жылда келген жылуу, ысык жаз изи,
Түпсүз жолдор, түбөлүк Жан бар деди…

Автор

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген