|

“Кылым жашап карыбастай көрүнөм…”

4/5 - (1 добуш)

*   *   *

Кылым жашап карыбастай көрүнөм,
кетсем туруп келчүдөймүн көрүмөн.
Мен боройлоп шамал болуп басылбай,
мен ой ойлоп жамгыр болуп төгүлөм.

Кан жолума кут түшкөндөй жолуктуң,
өмүрүмдүн уңгусундай болупсуң.
Болчу ишке карап кетип кайдыгер,
болбос ишке жүрөгүмдү ооруттум.

Унутулуп күндөр ошол кайгырган,
улутунуп өзүң карек талдырган.
Жылдардын бир жылдарында жаркырап,
аткан таңдай чыкчудайсың алдымдан.

Буулуккан ак булут болдум айдалган,
жазган ырым караан болду калдайган.
Күлүп келем кайгыма да кашкайып,
үмүт деген үзүлбөсүн саргайган.

Автор

  • Акын, тележурналист. 1970-жылы Кочкор районунун Чолпон айылында туулган. 1993-жылдан бери УТРКда журналисттик кесипти аркалап келет. "Көз мончок", "Деңиз муң"," Чач агарткан чакырым", " Тоо тумар", " Беш өрүм", " Шамал кайып" аталган ырлар жана поэмалар жыйнактарынын автору.

    Табылды Муканов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты. Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген