Алакандай аңгемелер
Миниатюра
Канчалык аракет кылып, бактылуу көз ирмемдерди унутпоо үчүн, күндөлүк дептерине жазайын десе да, анын эсине унуткусу келген нерселер түшө берет.
Чоң ийгилик
Электр жарыгы жок, чырак менен отурган үйдүн чырагы катуу шамалдан өчүп калды. Катуу шамал түнөргөн булуттарды айдап, айды көрсөттү.
Таза шаар
Шаарда болуп жаткан “тумоо бучкакты” тазаланбаган таштандыдан көрүштү. Бүт таштандыларды тазалап, өрттөштү. Кирдеген абанын астында таштандысы жок “таза шаар” уктап жатты.
Сапатсыз жумуш
Жаңы курулуп, чатыры жабылган үйдүн чатырын шамал учуруп, “балакет баскыр шамал” аябай чыгым келтирди.
Талкалоо
Туристтердин коопсуздугу үчүн салттуу ыкма менен курулган көпүрөнү бузуп, ордуна коопсуз кенен чоң көпүрө салышты. Ошондон кийин көпүрөнү көрүү үчүн туристтер келбей калышты.
Заманбап жашоо
– Коомдон артта калбоо үчүн эмне кылуу керек? – деп соц тармакта активтүү иш алып барган жетимиштен өткөн чоң энесине суроо салды.
– “Жаан жааса да, күн бүркөлсө да, кечке күндү карап өсүп, күзүндө мол түшүм берген “күн карама” болушуң керек” – деди чоң энеси.
Сүйкүм элес
Бешик бөктөрүп, бала өңөргөн кымыз жыттуу жеңесинин оруканага түшүп калганын угуп, ага барды.
Оорукананын керебетине бөктөрүлүп, дары жыттанып жатканын көрүп, жашын чыгара албай ыйлады.
Бизнесмен
Тоодо, түздө өзү жалгыз эс алып жүргөндө эч коркпойт.
Качаан эки кабат хан сарай үйүнө же көп кабатуу үйдөгү элитка батирине келгенде, өзүнүн жаны жана мал мүлкү үчүн адамдардан коркот.
Бактылуу адам
Халед… ушул жерде өлүп калабызбы?
– Эмне, өлгөндөн коркуп атасыңбы? – Ал катарлаш жаткан, оорулуу палаталаш адамга кайдыгер жооп берди.
– Сөөгүм өзүмдүн Ала-Тоомо, мекениме барса экен дейм, – үнү каргылдана жооп берди.
– Биздин Каирде жер абдан тартыш, бул жакта тапкан акчам менен ал жакка барып батир сатып алышым мүмкүн, бирок көмгөнгө жер сатып ала албайм. Өзүм “өлсөм бул жакка көмгүлө”, – деп, эбак акча төлөп койгом. Саздак токой болсо деле токойлуу Сибирдин бир жерине коюлса мен бактылуумун.
Күтүүчү
Ал өмүр бою “дагы бир аз” деди.
Дагы бир аз убакыт.
Дагы бир аз акча.
Дагы бир аз бакыт.
Өмүрү “дагы бир аз” болуп өттү.
Келечекке кадам
Мектепти капиталдык ремонттон өткөрүп, материалдык жактан камсыздашты. Билим берүүнүн багыты, руханий абал ошол бойдон калды.
Селсаяк
Жаңгак таап алып, чагып жеп, кабыгын ыргытып жатып ойлонду: “мен да ушул кабык сыяктуу коомдон ыргытылганмын да”, – деп.
Туруктуу аракет
Бала кезинде ташка тамып жаткан тамчыны көрүп күлүп кеткен эле.
Жолу түшүп, жылдар өтүп, тамчы ташты тешип койгонун көрүп, анын аракетине баа берди.
Жашоо наркы
Төрөтканадан аялын чыгармакка гүл дүкөндүн жанынан телефон чалды:
– Алло, кайсы гүлдү жактырасың?
– Гүлдү эмне кыласың! Андан көрө ошол акчага балага памперс алабыз.

Чыгармачылык ийгилик Каухар, калемин курчуй берсин !