Турмушуң сенин трагикомедия, кыргызым! “Айыл ФМ”дин жаңылыктарынан
Урматтуу достор, бул окуялар кадыресе күнүмдүк жашоо-турмушубузда боло жүргөн, болушу мүмкүн болгон ар кандай жагдайлардан алынган шайыр, бир бүркүм аңгемелер, бирок окуган окурманды ойго түртүп, кайдыгер калтырбас деген үмүттөмүн.
Президент болгусу келет
Мурда жылкычы, сугатчы, торпокчу сыяктуу жооптуу кызматтарды аркалап келген, азыркы учурда коомдук ишмер Мылжыңбай Калжаңбаев президенттик шайлоого аттанып, Төршайкомго арыз таштады. Аны жогорку кызматка көрсөтүү аземи былтыркы жылы курулуп, Калжаңбаевдин ысмы ыйгарылган айылдагы ортолук мончонун жанында өттү.
Курсак мелдеш
Э. айылында өткөн «Кимдин аппетити мыкты?» деп аталган мелдеш сенсациялуу окуя менен аяктады. Мелдештин шарты боюнча катышуучулар бир чака сууга бышкан жумуртканы толугу менен жеп, артынан жарым чака жарма ичиши керек болчу. Гран приге 19…-жылы чыккан «Ауди» автомашинеси сайылган бул мелдештин жүрүшүндө кошуна айылдан келген М. атуу оюнчунун курсагы тарс жарылып кеткен. Ал эми төрт оюнчу шымын булгап, жергиликтүү экологияга өтө олуттуу зыян келтирген. Мелдештин уюштуруучусу Курсакбай Майжамбашовдун айтымында, кезектеги оюндун баш сыйлыгы бир койду башы шыйрактарын калтырбай толугу менен жеген адамга ыйгарылмакчы. «Мындай мелдешти айымдар арасында жайылтууга да аракеттер көрүлүүдө, – деп белгиледи К. Майжамбашов мырза. – Биз демократиялык мамлекетте жашап жатабыз, андыктан тең укуктуулук болушу керек. Мен жарандарыбыздын мындай мелдештерге активдүү катышып жатканы өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүүсүнө сөзсүз оң таасирин тийгизет деген ойдомун. Колубуздан башка нерсе келбеген соң, жок дегенде, колдон келген ишти кылалы, элибиздин атагын чыгаралы», – деди Майжамбашов мырза.
Шайлоо-тандоо
Шайлоолор учурунда 59 жаштагы айыл тургуну Мамыш Табышмаков бир талапкерди, ал эми аялы баш болгон уул-кыздары башка талапкерди колдоп, ынтымактуу чоң бүлө экиге бөлүндү. Үгүт иштеринин жүрүшүндө 9 баласы Мамыш тарапка ооп кеткен жана буга талапкер Ч. Х. тарабынан таратылган кроссовкалар себеп болгон. Бирок аталган бут кийимдин экинчи түгөйүн алар шайлоо аяктагандан кийин гана алышары белгилүү болгон соң, 9 баласы кайрадан энеси тарапка өтүп кетишкен.
Кошуналар элдешти
Айыл башчысы Маамберди Даамбердиев мырзанын демилгеси мындан 3 жыл мурун суу талашып төбөлөшө кеткен эки кошуна Былжырбай менен Кылжыңбайдын жарашуу аземи чоң салтанат менен өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө адегенде айыл башчынын сунушу, анан катуу кысымга алуусу менен араздашкан тараптар 3 жыл мурунку салгылашта оң буту сынган Былжырбай менен бир кулагынан айрылган Кылжыңбай ортого акча чыгарып бир кой союп, тынчтык келишимин бекиткенге макул болушту. Жарашуу салтанаты таңга жуук кайрадан эле Былжырбай менен Кылжыңбайдын мушташы менен аяктап, келген катышуучулар «бириң өлүп, бириң кал» деп бата берип тарап кетишти. Жаңы сүйлөшүүлөр качан уланаары азырынча белгисиз.
Ууру
«Х» аттуу чыйкан чарбанын белдүү механизатору Камышбай Саздакбаев аттуу жаран кампадан буудай уурдап жаткан жеринен колго түштү. Айтымында, бул ишке механизатор арга кеткендиктен улам барган. «Жарымысын айыл өкмөт башчысы Ч.Ф. менен бөлүшмөк элем», – дейт кылтакка илинген эргул. Аялы Зымырат учурда тууган-уругун чогултуп, милийсакананын астына пикетке чыгууга кам көрүүдө. «Эгерде аны бошотпосо, райондун борборундагы автожолду тосууга же чоң каналдын суусун кайра артына бурганга даярбыз», – дейт Зымырат айым биздин кабарчыга берген маалыматында.
Окшобойт
Биздин кабарчы У. айылынын 109 жаштагы тургуну Баркылдак аксакал жана анын өмүрлүк кемпири Таркылдак байбиче менен маек курду. Аксакалдын айтымында, анын он жетинчи уулу түк ага окшошпойт имиш. «Былжырабаң, – деди маектин жүрүшүндө Таркылдак байбиче. – Командирөпкөгө азыраак чыксаңыз ушуну көрмөк эмессиз». Биз Баркылдак атага ыраазычылык билдирип кайттык.
Аракты таштады
Ж. айылынынын урматтуу эмес тургуну, арак илимдеринин мыктысы, бир кем 80ге чыккан Жатыпичер Шарапов аксакал апта башында айылдаштарына кайрылып: «Мен ичкиликти биротоло таштайм, ишемби күнү кечинде ушу окуяга арналган иш-чарага келип катышып кеткиле», – деп жергиликтүү коомчулуктун кадырлуу өкүлдөрүн үйүнө чакырды.
Катышуучулардын айтымында, зыяпат соңунда кеченин каарманы келгендерге ыраазычылык айтуу максатында кырдуу стаканды колуна кармап элден бата тилеген да тартып жиберип, он мүнөткө жетпей оңкосунан түшкөн. «Бул абдан күтүүсүз кадам болду, – дейт иш-чаранын катышуучуларынын бири, Жатыпичер аксакалдын кесиптеши Турупичер аксакал. – Аракты таштаганы үчүн 200 граммды бир дем менен тартып ийген Жатыкеңдин бул иши чыныгы эрдикке тете иш эмей эмне…».
Башкарма барымтада
Ардактуу пенсионер, экс-раис Тарсаңбайдын үйүндө чоң ызы-чуу чыкты. Аны менен жакын жүргөн кишилердин айтымында, башкарма Бишкекке барып жөн жүрбөй, «ортоң бутунан» учунуп келген имиш. Кемпири Калемкан менен болгон бир нече күндүк оор салгылашуулардын натыйжасында Тарсаңбай башкарма үйүнөн чыга качып, короосунун бурчундагы эски сарайына бекинип, ошол жерден коргонууга өттү. Учурда эски уй сарай курчоодо. Колдоруна «Сакалың өрттөнсүн, Тарсаңбай!», «Бетиң менен кара жерге кир!», «Чоң ата, Бишкекке кет!» ж.б.у.с. плакаттарды кармаган кемпири баш болгон балдары, келиндери, неберелери күн сайын пикетке чыгышууда. Сарай тараптан болсо Тарсаңбай башкарманын анда-санда башын чыгарып: «Калемкан, чыксам өлөсүң!» деген билдирүүсүнөн башка активдүү аракеттер азырынча жок. Камоого алынган раистин тамак ашын эски достору көтөрүшүүдө.
Жоопкерчиликтүү кызмат
Ю. айлынын тургуну Кыйратбек аксакалдын үйүндө чон салтанат. Алтынчы токолунун туулган кызынын тун небереси Гүляна айым алкынган «Мерседес» машинесин айдап келип, жалпы айылдаштарына той берип, устукан таратып, кубанычка бөлөдү. Гүляна айымдын айтуусунда, ал көп жылдардан бери Бишкектеги «Кузгун» басмаканасынын жанында жайгашкан «Байтал базар» ЖЧКсында жетектөөчү адис кызматын үзүрлүү аркалап келүүдө. «Менин ишим абдан жоопкерчиликтүү, – дейт кабарчыбызга берген маегинде Гүляна Кыйратбековна. – Кардарларга мыкты тейлөө көрсөтүү – биздин башкы милдет!». Не дейбиз, Гүляна айымдай кыздарыбыз көбөйө берсин!
Атын уурдатты
Ч. айылынын тургуну Апышбай Маймаков оор жоготууга учурады. Анткени аталган тургун үй-бүлөсү менен үч жыл бою карандай чай менен нан жеп, тапкан акчасын жылкы сатып алууга чогултуп келген экен. Окуя болгон күнү Апышбай мырза базарга барып, жылкы сатып алган, аны жетелеп келатып, эски досу Х. аттуу жаранга жолуккан. Акыркы жолу бул экөөнү райцентрдеги чайканага чогуу колтукташып кирип баратышканын көргөндөр бар. Чайкананын мандайындагы жалгыз бакка байланган жылкыны белгисиз бирөөлөр уурдап минип кеткен. Апышбай мырза өтө катуу мас абалында үйүнө түн жарымында жөө жеткен жана жылкысы жок жөө келгенин ага аялы Айымкан таң атканда гана маалымдаган. Кабарлоо учурунда жабырлануучунун аялы жаран Жайылкан Жалпакова «Аттын ордуна өзүң жоголуп кетсең болбойт беле, ыраңы суук!» деген терең каалоону айтуу менен жоондугу 10 сантиметрлик үбөлүктү кокусунан пайдаланып жиберген. Натыйжада башы жарылган Апышбай Маймаков айылдык ооруканага жеткирилген. Кабарчыбыз бул окуяны иликтеп жатат, анын чоо-жайын жакынкы мезгилде маалымдамакчыбыз.
Көзү ачык
Жакын абысындарынын алгылыктуу иш-аракеттеринин натыйжасында Ш. айылынын тургуну, экстрасенс Мислимкандын көзү ачык эмей эле карапайым кара катын экени айкын болду. Абысындардын улуусу С. айымдын айтуусуна караганда, участкалык инспектир, кенже лейтенант Жуударбаев экстрасенс Мислимкан менен кылмыштуу чогуу иш алып барышкан. Тагыраак айтканда, Жуударбаев айылды кыдырып, алдын ала чогулткан маалыматтарды көзү ачыкка жеткирип турган. Алтургай, аны ар кандай ыкмалар менен рекламалоо иштерин да активдүү жүргүзгөн. Мына ушундай жол менен Мислимкан айым бир эле жылдын ичинде 1975-жылы чыгарылган «Ауди» машинелүү жана эки кунажындуу болгон. Кенже лейтенант Жуударбаев болсо экинчи аял алууга камынып жаткандыгы белгилүү болду. «Бизге мыйзамдуу мыйзам керек, – деди кичине абысын Ж. атуу айым. – Мыйзам чегинде мыйзамдуу иш кылбасак, мыйзамдан четтеп, мыйзамыз иштерге барган мыйзамыз адамдар мыйзамсыз көбөйүп жатат».
Турмушун оңдоду
Кабарчыбыз Бишкектин кайсы бир таанымал фирмасында «сутенёр» деп аталган жооптуу кызматты көп жылдардан бери аркалап келаткан айылдашыбыз Сүйдүкан Соктуканова менен маектешип кайткан.
«Жаштар биздин келечегибиз, – дейт Сүйдүкан Бердикановна. – Айылдагы жумушсуздук маселесин оңунан чечүү максатында, айрыкча келечектүү кесип ээлери болууну каалаган кыз-келиндерге биздин фирманын эшиги дайыма ачык. Мен ушул фирманын артынан үйлүү-жайлуу болуп, турмушумду бир топ оңдоп алганга жетиштим, ошондуктан ушул кесипти тандап алганыма эч бир өкүнбөйм. Буюрса, жакында шаар кеңешине депутаттыка ат салышайын деген оюм бар», – деди Сүйдүкан Соктуканова кабарчыбызга. Биз эжебизге чын дилден ийгилик каалап кайттык.
Ууру абысындар
Айылда француздук косметика сатуу менен алектенген ишкер Мистекандын үйү тонолду. Белгисиз адамдар анын акыркы партиядагы «оптом» товарын, 12 каскактуу манты казанын жана суусу кайнаганда өзүнөн өзү мурду менен ышкырган чайнегин уурдап кетишкен. Ыкчам иликтөө тобу тарабынан уурулардын изи сууй электе колго алынды. Алар Мистекандын абысындары Күкүш жана Мүкүш аттуу жарандар болуп чыкты.
Айыл өкмөт башчысынын иш сапары
Айыл өкмөтүнүн төрагасы түштөн кийин айылдын борборундагы чайканага атайын жумушчу сапар менен барды. Кыдыруунун натыйжасында бир топ маселелер ордунан чечилип, түнкү саат он экиде төрагага сый тамак берилди. Сый тамактан соң төраганын иш сапары мындан эки жыл мурда кийик атам деп зоодон учуп өлгөн Жаркынбайдын жесири Жанымгүлдүкүнөн уланды. Жолугушуу жабык эшиктер артында өткөндүктөн, короого байкалбастан кирип кетүүгө аракеттенген «Айыл ФМ»-дин кабарчысын Жанымгүл айымдын ала дөбөтү кууп чыккан.
Атасын үйлөнттү
Ылдыйкы Кеңештин депутаты Х. Чнын атасы, 132 жаштагы Д. Ч. Б. аксакал жаш токолдуу болду. Бул маарекеге арналган чоң салтанат айылдык маданият үйүндө болуп өттү. «Айыл ФМ»-дин кабарчысына берген маегинде салтанатка замбил арабага чокчойто отургузуп түртүп келишкен Д. Ч.Б. аксакал кубанычын жашыра албай, аны кай жерге алып келишкенин, топурган мобул адамдар кимдер экенин түшүнө да, тааный да албай атканын билдирди. Не дейбиз, болсун, жакшылык деген адамдарды ушинтип толкундантат тура. Жаш жубайларга бакыт каалайбыз.
Аялын кармап алды
Жылкычы Жыртаңбайдын үйүндө чоң жаңжал от алып, аз жерден кан төгүлүп кете жаздады. Айылдагы узун кулактардын айтуусунда, Жыртаңбай таңга маал жайлоодон кокусунан түшүп келип, аялын белгисиз жаран менен уят-сыйытка жатпаган одоно кыймыл-аракеттерди ишке ашырып жаткан жеринен кармап алган. Окуя түнкү саат үч жарым менен төрттүн ортосунда болгон. Ошол маалда аталган жарандын үйүнүн жанынан өз иштери менен өтүп бараткан биздин кабарчыбыз да чырга чала-була күбө болгон.
Жыртаңбай маселени жеринен чечүү максатында оозгу үйгө кирип, катып койгон кош ооз мынтыгын алып чыкканча, анын аялын азгырган неме терезеден секире качып кеткен. Натыйжада ошол маалда короого баш бага калган биздин кабарчыбызды Жыртаңбай аз жерден атып сала жаздап, бирок кабарчылык күбөлүгүн көргөн соң токтогон. «Аялым менен, жадагалса, мындай жосунсуз иш-аракеттерге барганга мен өзүм да даабайм», – деди Жыртаңбай биз менен болгон турсийчен маекте. – Тигини болсо сөзсүз табам, менден кутулам дебей эле койсун, анткени техпаспорту менен правасын таштай качыптыр. Таң атышын гана күтүп атам». Окуя эмне менен аяктарын биздин кабарчылар иликтеп турмакчы.
Өсүп кеткен «прасент»
Үстүбүздөгү 20…-жылдын 23-февралында К. айылынын тургундары, Манка жана Танка (айрым себептерден улам аттары өзгөртүлдү) деген ылакап атка конгон эки кошуна айымдардын ортосунда чоң чыр-чатак чыгып, эки айымдын жулмалашып, чачташуусу менен аяктаган жана натыйжада экөө тең жабыр тарткан. Ооруканага түшүп, бирок коопсуздук маселесинен улам экөө эки башка палаталарга жаткырылган. Дарыгер Сасыкбек Тумообаевдин айтымында, экөөнүн тең абалы канааттандырарлык. Бирок кооптуу жагдай, Танка айымдын май куйругунун бир нече жерине айры сайылган.
Жаңжалдын чоо-жайына келсек, Манка айым Танка айымдан 20-кылымдын 1975-жылы советтик рубль менен 5 сом карыз алып, ошол бойдон бербей койгон. Аталган карыздын үстөк пайызы жылдан жылга өсүп отуруп, инфляция жана баалардын өскөндүгүнөн улам Танка айымдын эсеби боюнча, карыздын суммасы азыркы 21-кылымдын 2026-жылына 500 миң кыргыз сомуна жеткен. Карызды өндүрүү үчүн эринин коштоосунда доолап келген Танка айымды Манка айым ажаан кыздарынын колдоосу менен беттерин тытып, айры менен сайгылап, короодон кууп чыккан. Кабарчыбызга берген айры-маекте Манка айым буларды билдирди: «Акмактар десе! Мен буларга көрсөтөм! Мыйзам деген бар! 500 миң эмес, беш корголумду да бербейм, керек болсо! Буларда бет деген жок да, менде кампрамат бар! Жанагы эр сөрөйү керек болсо Танка төркүнүнө таарынып кеткен маалдарда меникине келип жүргөн! Унутуп кеткен бир майкесин билдирбей катып койгом. Бүт даказательства колумда турат, бара турган жерге барам мен!», – деди Манка айым. Окуя эмне менен аяктайт, аны кошумча кабарлайбыз.
Ырчы күйөөгө чыкты
Х. айлынын тургуну, учурда Бишкек шаарында эстрада ырчысы болуп иштеп аткан жердешибиз Бурдукан Урдуканова күйөөгө чыккандыгына байланыштуу жылдыздуу курбу-курдаштарын «Шоркелдей ата» ресторанына чогултуп, тар чөйрөдө, же орустар айткандай, узкий кругда чакан үлпөт той өткөрдү. Тойдо ыр да, ый да мол болду. Эстрада жылдызынын арзып тапкан 16-чы күйөөсү Шамалбек аттуу 17 жаштагы жигердүү бизнесмен (Ош базарда самопал арак сатып байыган) болуп чыкты. Жылдыздуу жубайынан 29 жашка кичүү экенине карабастан, Шамалбек мырза махабат отуна катуу чалдыкканын айтып, кубанып турган чагы. Анын айтымында, Бурдукан айымды кезинде чоң атасы, таятасы анан өз атасы да сүйүшкөн экен. Баса, келген конокторго Шамалбектин жакында эле тартылып бүткөн «Качам сенден» аттуу клиби да тартууланды.
Тоок уурдап 25 жылга кесилди
У. айылындагы Безеркул уулу Сезеркул аттуу 25 жаштагы жаран кошунасы М. аттуу жарандын тоокканасынан 2 тоогун уурдагандыгы үчүн 25 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү мамлекетке конфискацияланды. «Ар бир кылмыш жасаган жаран мына ушундай адилеттүү жазага тартылат», – деп билдирди бизге райондук соттун өкүлү Сотобек Бетикалыңов мырза. «Жашасын биздин адилеттүү сот, күнөөлүүлөр адилет жазадан кутулбайт!» – деген пикирин билдирди сотко күбө катары катышкан, былтыры 1 миллион сом кредит уурдап, бирок эл ичинде ээн-эркин жашап келаткан айыл тургуну, ишкермин деген Жолуболдуев Колутуткак мырза.
Дин борбор ачты
Эски уй ферма башчысы, учурда айылдын ардактуу эмес тургуну, коомдук ишмер Туткунбай Турбасовдун менчик короосунда «Диндер ыркырагы» аттуу диний борбор ачылды. Анын бир комнатасын мындан он жыл мурун баптист болуп кеткен улуу баласы Бакыбай ээледи, кийинки бөлмөлөрүн Иегованын сөзүн сүйлөгөн Шакыбайы, ахмадий болуп кеткен уулу Акыбай, католик динин карманган кызы Кайрыкан ээлешти. Борбордун максаты – жаштарды динге туура тарбиялоо.
Кирешелүү бизнес-долбоор
Айыл тургуну Балтабай Чөкүчбаев «Балтабайкорперейшн МыЖыМы» деген ишкана ачып, элге кызмат кыла баштады. Максаты – 10 сом берген адамдын акчасын 1000 сом кылып көбөйтүп берүү. Эки айдан кийин Балтабайды «Биринин шапкесин бирине кийгизүү» деп аталган рейддин алкагында милиция кармап кеткен эле. Актыгы далилденип, кайра бошотулган. Учурда ал «100 сом берген адам 100 000 сом табат!» деген жаңы долбоорго белсене киришип жаткан чагы.
Китеп жазды
Мектепти 6-класстан кийин таштап кетип, учурда чоң бизнесменге айланган Балтакбай уулу Шалтакбай «Бешке окуган итке минди, экиге окуган «Жипке» минди» деген даректүү китебин жарыкка чыгарды. Китепте автордун өмүр таржымалы кенен чагылдырылган. Айрыкча Бишкек шаарындагы Ош базарынын дааратканасында старший кароолчу болуп иштеген, андан кийинчерек жасалма арак саткан ишмердүүлүгү, жетишкен ийгиликтери окурмандарды кайдыгер калтырбайт деген ойдобуз.
Пас/бийик наамга татыды
Кесиптешибиз Сүрдүбек Урдурганов «Эмгек сиңирген ушакчы» деген бийик наамга татыктуу болду. Буга чейин анын «Баланча минтиптир», «Түкүнчө тигинтиптир», «Катын ушактын мааниси жана коомдогу орду» деп аталган китептери басмаканадан жарык көргөн. Жакында «Деп атышат» аттуу чуулгандуу дагы бир китеби жарыкка чыкканы турат. Өмүр бою көчөдөгү ушактардын негизинде аналитикалык мыкты макалаларды жазып келаткан Сүрдүбек агабыздын өтө жогорку… тоюс, пас сыйлыгы менен куттуктап, чыгармачылык иштерине албан ийгиликтерди каалайбыз!
Телефон жиндиси
Ю. айылынын тургуну, жанына дайыма 19 телефон алып жүргөн Майдагүл Былжыракова айылдын Гиннесс китебине кирди. Ал бир эле маалда он тогуз киши менен сүйлөшүүгө үлгүрө тургандыгы аныкталган. Мындан тышкары ошол эле убакта ал вотсап, телеграмм, инстаграмм, фейсбук, агент, одноклассник, твиттерден да жазышып турууга үлгүрүүдө.
Сабиз саткан саясий ишмердин ити сабалды
Июлдун 4үнөн 5ине оогон түнү Дыйкан базарында жашылча саткан Фейсбуктагы коомдук ишмер Итибай уулу Чытыбайдын короосуна белгисиз бирөөлөр кирип, терезесин сындырып, аялынын кермеде жайылып турган үч жуп дамбалын, төрт тоогун уурдап, короо кайтарган кандек итин сабап кетишкен. Чытыбай мырза муну өзүнүн соцтармактагы саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырарын билдирди. «Мага карата жасалган мындай жүзү каралыкты менин саясий оппоненттерим тарабынан жасалган коркутуу деп эсептейм. Ошондой эле мен эч кимден коркпой турганымды жана саясий ишмердүүлүгүмдү кадимкидей уланта бере турганымды билдирем», – деди Итибай уулу Чытыбай биздин кабарчыга берген маегинде.
Дипломун жер төлөдөн алыптыр
Көп жылдардан бери жооптуу кызматтарды аркалап келген Муштумбек Сокконов Ортоңку Кеңешке депутат болгондон кийин диплому жасалма экени аныкталды. Алынган маалыматтарга караганда, анын диплому баланчанчы жылы, түкүнчөнчү числодо Бишкектеги филармониянын маңдайындагы жер төлөдө жасалгандыгы такталды. Сокконов биздин кабарчыга өзүн күнөөсү жок экенин билдирип, Ортоңку Кеңешти Ортоңку сотко берерин маалымдады.
Ардактуу наамга ээ болду
Жооптуу кызматтарды узак жылдар аркалаган коомдук ишмер Жулгучбай Жегичов «Жылдын мыкты коррупционери» наамына татыктуу болду. Мындай ардактуу пас наамга ал өзүнүн тубаса мыкты жөндөмү менен жеткен. Тагыраак айтканда, бир жылдын ичинде эле 8 тендерден 80 миллион сомду сугунган. Аны бул наамы менен куттуктоо аземи райондун борборундагы «Үп төр» ресторанында өтмөкчү.
Кылмыштуу топ түздү
Ч. айыл аймагынын башчысынын орун басары Ушаккан Имишова коррупция беренеси менен айыпталып, убактылуу кармоочу салкын жайга киргизилди. Ачыкталган маалыматтарга ылайык, аталган жаран айылдагы бекерпоз айымдардан туруктуу аракеттенген кылмыштуу топ түзүп, айыл өкмөтүнүн жетекчилери, башкы адистери туурасында чындыкка дал келбеген ушак-айыңдарды таратуу менен алардан акча опузалап алып келген. Айрым маалыматтарга караганда, Имишова муну менен гана чектелбей, аталган жетекчилердин аялдарына карата да бир нече ирет чагым жасоого аракеттенген. Мисалы, баланчанчы айдын түкүнчөнчү числосунда ал айыл өкмөтүнүн салыкчы кызматын аркалаган Салыкбай Чоткеевдин жубайы Минишгүл Отурумованы опузалап, эки даана кымбат баалуу дамбалын жана жыйырма төрт күмүш кашыгын алып кеткен.
Элдик жазуучу болду
М. шаарынын тургуну, «Лыжачан кемпир» аттуу бир жомок китептин автору Ойлонбек Кыялкечов «элдик жазуучу», ал эми той-аштарда ырдап жүргөн жамакчы ырчы Үзүкбай уулу Жамакпай «элдик композитор» деген ардактуу наамга ээ болушту. Ал эми мурдакы механизатор, учурдагы коомдук ишмер Баргынбай Тапкынбаевдин ысымы райондун борборунда жаңы ачылган муниципалдык дааратканага берилди.
Билими терең Өтө жогорку кеңештин депутаты
Болгону 5-6 класстык билими бар, Дордой базарында шым, кийинчерек Ош базарында суу май сатып байыган Жуталы Митекеев Өтө жогорку кеңешке депутат болуп шайланды. Жакында ал бир жождун студенттери менен жолугушуу учурунда өзүнүн адабият, маданият боюнча абдан терең билимин көрсөтүп, студенттердин оозун ошко каратты. Депутат мырзанын айтымында, анын жакшы көргөн чыгармасы Ч. Айтматовдун «Көк алма», «Данияр» чыгармалары имиш. Ошондой эле жазуучу Т. Касымбековдун «Сынык кылычын», К. Баялиновдун «Астра гүлү» романын, А. Токомбаевдин «Каныбек» романын жана апта сайын чыгуучу «Sexсенбай-Пайшамба» гезитин кайра-кайра тамшанып окуганын белгиледи. «Ал эми дүйнөлүк музыкадан Толстой, Достоевский, Улан Тата, Король Лир, Элтон Джон сыяктуу атактуу сүрөтчүлөрдүн эмгектери менен жакындан таанышмын», – деди депутат мырза. Иш-чара соңунда окуу жайынын ректору Ыркынбай Мыркынбаев депутатка ыраазычылык билдирип, кызуу кол чабуулардын астында ага «университеттин ардактуу эмес профессору» деген наам ыйгарылганын жарыялады.
«Алиппени» үйрөнө баштады
Райборбордо самсы сатуу менен алектенген Самсыбек Мантыбек уулу Өтө жогорку кенештин депутаттыгына ат салышып, атаандашы, илимдин докторун көпчүлүк добуш менен ишенимдүү утуп чыкты. Учурда депутат Самсыбек Мантыбек уулу атайын мугалим жалдап, «Алиппе» китебинен тамгалап окуганды жана жазганды үйрөнүүдө.
Серенада айтам деп итке таланды
Жергиликтүү ооруканага кайрылгандарды тейлөөнүн сапаты туурасында кеп кылуу үчүн кабарчыбыз Мыртыков Былтык жарандардын бирин – Күлпүлдөк уулу Үлпүлдөк аттуу жигитти сөзгө тарткан. Айтымында, аны кечээ түндө ит талап, балтырынан, көчүгүнөн оор жаракат алган экен. Көп жылдардан бери Испания өлкөсүндө иштеп кайткан Үлпүлдөк мырза айылдагы эң сулуу кыздардын бири Жылмышканга ашык болуп, ага сезимин билдирүү үчүн гитарасын колго алып, түн жамына кыздын үйүнүн жанына келген экен. «Жаман оюмда жергиликтүү калктын маданият деңгээлин көтөрөйүн деген максатта испандарды туурап ашыгыма серенада айтмак элем, – дейт ал. – Түнкү саат экилер чамасында кыздын терезесине жакын келип ырдап баштаган элем, кыздын атасы атып чыгып, адегенде оозго алгыс сөздөр менен акарат кылып, гитарамды бакка уруп сындырып салды, анысы аз келгенсип, байлануу турган чоң дөбөтүн тукуруп, ит мени кошуна айылга чейин кууп барып, тиштеп салды, буюрса айыгып чыксам, эми серенаданы ат минип барып комуз менен айтайын деп турам», – дейт ал.
Эки ай илимдин кандидаты болду
Х. айылынын тургуну, айылдык юридикалык академиянын ага окутуучусу Дөдөйбек Алаңгазаров «Ч сортундагы кара өрүктү өстүрүүнүн заманбап ыкмалары жана анын юриспруденцияга тийгизген оң таасири» деген темада илимдин кандидаты деген наам жактап, бирок эки айдан кийин наамынан кайра ажыратылды. Мунун себеби – биринчиден, кара өрүктүн юриспруденцияга таптакыр тиешеси жоктугу жана Алаңгазров илимий ишин интернеттен уурдап алганы аныкталды.
Жаңы мыйзам демилгеледи
Ж. айылынын тургуну, эки жолу мал уурулук менен соттолгон, он үч аял кетирип, ичкиликтин арты менен айылга гана эмес, районго даңкы чыккан, мурда колхоздо торпокчу, трактирис, звено башчы, табелчи болуп иштеген, эгемен заманда өзүн коомдук ишмер эсептеген Ыйманаалы Уятсызов айылдын борбордук мечитинин имамы болуп дайындалды. «Айыл ФМ»дин кабарчысы Чуулдак Зуулдаковдун маалыматына караганда, учурда жаңы имам демилге көтөрүп, көп аял алууну мыйзамдуу түрдө киргизүү үчүн кол топтоп жаткан чагы.
Эки үндүккө – орден, үч тоокко – медаль
Д. айылынын жашоочусу Дүрүяхан Шуулдак кызы «Кылым залкарлары – айылдын чырайлуу аялдары жана жигиттери» деп аталган коомдук уюм ачып, анын алгачкы сыйлыгы «Залкар айым» жана «Залкар мырза» деген ордендерин тапшыруу аземин өткөрө баштады. «Айыл ФМ»дин кабарчысы Чуулдак Зуулдаковдун иликтөөсүнө таянсак, уюм сыйлыктарын каалаган жерден – той үстүндө, жээнтек берип атканда, же туулган күнгө келген коноктордун катышуусунда, чайканаларда, кафелерде, автовокзалдардын күтүү залдарында же Дүрүяхан айымдын үйүндө тапшырылууда. Сыйлыкка талапкерлерге «жеген ооз уялат» деген бир эле шарт коюлган. Акынын өлчөмү – эки үндүк же үч тоок. Акчалай да кабыл алынат. Купуялуулук сакталат деген кепилдик бар.
«Буюрса, жакында «Айылыбыздын залкар эмес жана залкар адамдары» деп аталган энциклопедия чыгарууга материалдарды топтоп жатабыз, – дейт келечек пландары менен бизге бөлүшкөн уюмдун башчысы Дүрүяхан айым. – Мени кубантканы, ага айылда жашаган 300 адамдын баары эле киргенге желающий болуп атканы. Орден-медалдардын да санын көбөйтөбүз, «Мыкты өтүкчү», «Дасыккан багбан», «Айылдын эң семизи», «Мыкты ушакчы» ж.б. сыйлыктар бекитилмекчи. Эми мындан ары сыйлыкка татыктуу адамдар кагаз топтоп, ар кимге жалдырап же райакимге, Бишкекке чуркабай эле орден-медалдарды айылдан алууга шарт түзүлөт. Бул да келечек муундарга көрүлгөн камкордук, – дейт Дүрүяхан Шуулдак кызы.
Китепти абайлап жазуу керек
Союз маалында заготконтордун деректири болуп иштеген Козубай уулу Томолой «Менин жемиш үстүндө өткөн өмүрүм» деп аталган жарымынан көбү сүрөт альбом китеп жазып, анын бет ачаарын айылдын чок ортосундагы «Ысык төр» чайканасында өткөрдү. Бирок көп өтпөй китептеги каармандардын бири – мурдакы ОБХССтин начальниги авторду жалган жалаа жапканы үчүн сотко берип, моралдык чыгым төлөп берүүнү талап кылган. Натыйжада сот авторду мурдакы начальникке миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирген чечимин чыгарды. Китепти абайлап жазуу керек.
Молдолор мушташты
Ч. айылында жаш молдолордун ортосунда чоң мушташ чыгып, Пакистандан окуп келген Пардабектин башы, Кувейттен окуп келген Кулубектин мурду, Багдаддан окуп келген Бакыбайдын башы жарылган. Ооганстандан билим алып келген Омордун оозу жырылып, Сириядан окуп келген Сыргабектин бир кулагы үзүлүп, Ирандан келген Имандын мурду тиштелген. Учурда молдобачалардын жарымы камакта, жарымы ооруканада.
