Сергей Новопашин: “Коомдогу ажырым – Сүйүүнүн жоктугу”
Сиздин назарыңыздарга Сергей Александрович Новопашиндин Мэри Бекешованын «Кадыр түн» аңгемесине жазган аннотациясынын кыргыз тилине котормосун сунуштайбыз.
С. Новопашин – жазуучу-публицист, философия жана саясий география предметинин окутуучусу. Орус географиялык коомунун Свердловск бөлүмүнүн Кеңешинин мүчөсү (2025-жылдан тарта), Орусия философиялык коомунун мүчөсү. К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети менен тыгыз кызматташып келет.
«Кадыр түн» аңгемесинин маани-маңызы салт менен азыркы замандын ортосундагы карама-каршылыкты терең жана көп кырдуу изилдөөдө, ошондой эле жашоонун оор көз ирмемдеринде айкын көрүнгөн чыныгы жана жасалма баалуулуктар жөнүндө ой жүгүртүүдө камтылган.
Салт менен азыркы замандын карама-каршылыгы
Сюжеттин борборунда – сөөктү коюу күнү тууралуу талаш-тартыш турат. Бир тараптан айылдык туугандар жана имам ошол күнгө туш келген диний өкүмдөргө (шариятка) жана ыйык Кадыр түнгө таянып, сөөктү тезирээк коюуну талап кылышат. Экинчи тараптан, улуу муун жана маркумдун жесири кыргыздардын байыркы каада-салттарын карманышат: сөөктү бир нече күн кармоо, чоң аш берүү жана узатуу жөрөлгөлөрүн өткөрүү.
Бул талаш муундар жана жашоодогу салт санаалардын ортосундагы ажырымды ачыкка чыгарат: шаардык каармандар убакыт – акча жана жумуш графиги болгон катаал ыргакта жашашса, айылдыктар – кылымдык жөрөлгөлөр менен жамааттык эс-тутумдун дүйнөсүндө жашашат.
Формализмди жана жасалма «такыбалыкты» сындоо
Аңгеме көптөгөн жөрөлгөлөрдүн эки жүздүүлүгүн жана курулай убаракерчилигин ашкерелейт. “Туура” жолду жактаган имам жалгызсырап калат: анын билимин айылдаштары кабыл алышпайт, ал эми өз эркине баш ийдирүү аракети жаңжалга алып келет. Автор дин тууралуу талаштардын артында көбүнчө рухий изденүү эмес, өзүн көрсөтүү же аброй арттыруу каалоосу жашырынарын көрсөтөт.
Маркумдун жесири: “Бул жерде отургандардын баары муну мен үчүн да, маркум үчүн да эмес, өздөрү үчүн кылып жатышат”, – деп түз айтып, көптөгөн жөрөлгөлөрдүн өзүмчүл мүнөзүн баса белгилейт.
Белгилей кетсек, Кадыр түн (Ляйлатуль-Кадр) – Мухаммед пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана салаваттары болсун) Куран түшүрүлө баштаган, Исламдагы эң маанилүү түндөрдүн бири. Бул – өзгөчө рухий биримдиктин жана ибадаттын убактысы.
Автор сөөк коюу датасы катары Пайгамбарга (а. с.) биринчи жолу Куран сөзү түшүрүлгөн дал ошол түндү тандап алганы абдан маанилүү. Анткени так датасы атайылап белгисиз калтырылган, ал тургай имам да башка дин аалымдары менен кеңешип, бул датаны “эң ыктымалдуу” деп гана аныктай алат (бул белгилүү бир деңгээлде кванттык механиканын маалыматтарына үндөшөт).
Момундар болсо, так датасын билбегендиктен, бир гана түнгө таянбастан, бүткүл Рамазан айы бою ибадат кылуусу Бирок Пайгамбар багыттарды да көрсөткөн: Кадыр түндү Рамазандын акыркы он түнүнөн, өзгөчө так күндөрүнөн издөө керек.
Туугандык байланыштардын үзүлүшү
Бир үйдө чоңоюп, бир казандан тамак ичкен бир туугандар эми тил табыша албай жатышат. Аларды жалпы кайгы жана окуя болуп жаткан жер гана бириктирип турат. Бири-бирине айткан дооматтары (диний фанатизм же рухий жакырдык боюнча) туугандык жакындыктын калдыктарын кыйратууда. Каармандар бири-бирине душмандай карашат, бул коомдогу терең ажырымды символдоштурат.
Адамдык эс-тутумдун баалуулугу
Уруш-талаштардын фонунда, маркум Каныбек байке – ороюраак тамашасы бар, ак көңүл, күчтүү адам катары эскерүүлөрү бар. Бул эскерүүлөр дүйнөдөн кайткан адамдын тирүү образы менен аны кантип узатуу керектиги тууралуу суук талаш-тартыштардын ортосундагы карама-каршылыкты көрсөтөт.
Аңгеменин бул жердеги мааниси – адам жөнүндөгү чыныгы эс-тутум желген этти өлчөөдө же каада-салттардын кыйшаюусуз аткарылышында эмес, анын адамдыгына болгон чын жүрөктөн чыккан сүйүү жана урмат-сыйда экендигин түшүндүрөт.
Түбөлүктүүлүктүн алдында адамдын жалгыздыгы
Чыгарманын аягында автор жаратылыштын адамдын талаш тартышына кайдыгерлигин баса белгилейт:
“Сыртта болсо табият өз өкүмүн сүрүп, жазгы кар лапылдап жаап жатты. Баарынын балдай таттуу балалыгы өткөн тоолор ак карга жамынып кадыр түндү узатып, таң агара баштады. А бала кезде ар бир түн кадыр түндөй сырдуу да, баалуу да эле”.
Бул эрежелер жана салттар тууралуу бардык талаш-тартыштардын убактылуу экенин эскертет. Чыныгы баалуулук – бул жөнөкөй адамдык сезимдер: боорукердик, кечиримдүүлүк жана оор учурда жакындарынын жанында болуу жөндөмү.
Ошентип, аңгеме түбөлүктүү суроолорду ортого салат: эмне маанилүүрөөк – сырткы формабы же ички мазмунбу? Чыныгы динчил же өз тамырына берилгендикпи? Салттар араздашууга шылтоо болгон дүйнөдө адамгерчиликти кантип сактап калуу керек?
Чыгарманын негизги идеясы – өзөгү сүйүү болгон чыныгы адамдык байланыштарды сактап калуу үчүн чын жүрөктүүлүккө, жөнөкөйлүккө чакыруу. Жараткан тарабынан бизге керээз кылынган, Иса (Ыйса), Мухаммед пайгамбар жана башка Ибрахимдик пайгамбарлар (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) тарабынан айтылган сүйүү. Ал тургай, эгер адам монотеисттик диндердин маңызынан кабары жок өмүр сүрүп, бирок жүрөгү буюргандай жашаса, анда ал Жаратканга дал ошондой керек болгон.

Кыргыз тилинде жарык көргөн чыгармаларга чет элдик талдоочулардын кызыгышы кубандыра турган көрүнүш.
Бул бир чети теманын актуалдуулугун, бир эсе кыргыз адабиятына кыргыз тилдүү аудиториядан сырткары да астейдил кызыгуу бар экенин айгинелейт.
Макалада аңгеменин актуалдуулугу, негизги мааниси жана жыйынтыктары абдан жакшы талданган.
Ар кайсы өлкөлөрдүн адабият өкүлдөрүнүн ортосундагы мындай өз ара пикир алышууну мындан нары да күчөтүш керек деп ойлойм.