Айылым
(ыр түрмөгү)
* * *
Айылым көлгө, көл айылыма коңшулаш…
Көл жыттанып, жер жыттанып аңкыган
Ысык-Көлдүн тамчысындай Ак-Дөбөм –
эл-журтуна деңиздей кең чалкыган.
Көлүм көккө, көк көлүмө мекендеш,
күндө айылымдан даам сызат улуу Күн.
Боюн жазып, жай олтуруп, эс алып
конуп канча, сапар тартса улуу Түн.
Сансыз жылдыз Ак-Дөбөмдү терметип,
Ай үлбүрөп «Алдей» ырын ырдаса,
бул дүйнөнүн эрке, сулуу кызындай,
айылым уктайт мезгил менен сырдаша.
* * *
Жылдарды кууп, жетсе кылым чапчыган
тагдыр күткөн бири-бирине окшобос,
айылым – тарых, бүткөн биздин маңдайга,
чоң тарыхта, балким, аты козголбос.
Санжыралуу адам каткан койнуна,
баскан изи тамга болуп оюлган,
айылым – баян, жомок, тирүү китептер,
жүрөгүмдүн текчесине коюлган.
Жылуу коюну коңултактап жок болсок,
жол жазданып күткөн кирпик ирмебей,
айылым – жалгыз, ата-энемдей кыйбасым,
күтө берер: «Кетсең, мейлиң, кет!..» – дебей.
* * *
Шашып өткөн мезгил улам сураса,
айылымдын козгоп ичте намысын,
сырдуу тиктеп келечекке, эртеңге
тыңшагансыйт кулунунун дабышын.
Кулундары өмүр жолун тизгиндеп,
жашоо көчүн тартып барат алыска.
Күтөт айылым мойнун созуп, акмалап,
алыстыкты багынтса, деп жарышта.
Ай чапчыса кулунунун туягы,
кубанычтан бүткөн бою титиреп.
Айылым гана караанымдан кагылып,
ата-энемдей жүрөгүн чаап күтүнөт.
* * *
Билсең, айылым, табияттын сүрөтү
жан дүйнөмдө түстүү өңдө тартылган,
төбөсүнө асман кийип, төрт мезгил
көйнөк берсе улам көлдө калтырган.
Айылым кышта аяз, карга чулганып,
көкүлүнө муз тоңдуруп торолсо;
коюн-кончун кымтылана кар кийип
ызгаар жиреп, тоңду жиреп чоңойсо.
Жазда кийип алма-өрүктүн гүлдөрүн,
атыр жыттуу назик кыздай буралат,
дүйнөңдү өрттөп жазгы жылуу сан сезим,
койнунда адам араң чыдап тура алат.
Жазды сүрүп, титиретип аптабын
келсе жайдын көлгө сүйрөйт илеби,
көлгө салып, кумарга бир кандырып,
эсти оодарат чарчаганды билеби.
Тасмалга күз төксө болгон түшүмүн,
нан жыттанып, эт жыттанып күтүрөп,
айылым, күзгү токчулукту жазданып,
каадалана кыш чилдесин күтүнөт.
Көргөн жандын моокумун бир кандырып,
көөдөнүнө кубаныч, эргүү толтурган, –
айылым – сүрөт, көргөзмөсүн толуктап,
кең дүйнөнүн колтугунда олтурган.
