Балдар үчүн ырлар
Көз таңмай
Тегерете турабыз,
эже-агайды угабыз.
Кезек кимге берилсе,
таңып көздү жумабыз.
Шака-шака, шак-шак
алаканды чап-чап.
Көзүн таңган оюнчу,
досторуңду тап-тап!
Жакын басып келбейбиз,
жеткирбеген желдейбиз.
Көзүн таңган балага:
“‒ Биз мындабыз, кел!..” – дейбиз.
Эрежеден чыкпайбыз,
оюнчуга ыктайбыз.
Мына, жетип кармаарда,
чимирилип буйтайбыз.
Шакек салмай
Кыдырата тизилип,
бирге отуруп ойнойбуз.
Алаксыбай баарыбыз
бир шакекти ойлойбуз.
Шакек алган шашып чык,
шакегиңди катып чык!
Бирөө байкап калбасын,
катарыңдан качып чык!
Алаканды ачабыз,
шакек түшсө катабыз.
Кимге шакек түшкөнүн
билгичекти шашабыз.
Шакек алган кубанат!
Шак чыгарда кубалап,
балдар кармап калышса,
ал жеңиштен кур калат.
Жашынмак
Кел ойнойбуз жашынмак,
балдар издейт жашынсак.
Ыкчамдыгың байкалат,
жашынганды бачым тап!
Чумалеки чум-чум,
көзүңдү бек жум-жум!
Жашынарга жер жок!
Көздү эрте ачмай жок!
Коңул жерди биз ыктап,
табалышпайт жашынсак.
Балдар байкап калбасын,
карай бербей башың кат!
Кызык оюн жашынмак,
досторду бек жашырсак.
Көздү жумбайын десең,
жашынганды бачым тап!
Чүкө оюну
Өкчөп, калчап ойнойбуз,
чүкө ойнуна тойбойбуз.
Алчы консо кубанып,
жеңишти эле ойлойбуз.
Алчы, таа, бөк, чик!
Чүкө оюнунун кызыгы, ай!
Утуп алмай, утулмай,
шап алышат жеңилсең,
жазадан баш кутулбай.
Алчы, таа, бөк, чик!
Чүкө элдин эрмеги,
чүкө ойнойбуз кел бери!
Кызыл-тазыл боёлгон
чүкөң менен жең мени!
Алчы, таа, бөк, чик!
Өзүн чоңдой санабай,
эч нерсеге карабай,
атам да ойнойт чүкөнү
кадимки жаш баладай.
Алчы, таа, бөк, чик!
Тай күлүк!
Атам тайга мингизип:
“Тайды таптап баккын! – дейт.
Тай уктабайт түнкүсүн,
күнү-түнү жем-чөп жейт”.
Чү-чү, тай күлүк!
Күлүктүгүн карачы!
Ата-бабам сыйлаган,
ат – адамдын канаты.
Тай – жан досум, тай – унаа!
Ат сыйлаган жөө жүрбөйт!
Бирок, кызык, биздин тай
туруп алып үргүлөйт.
Ат үстүндө төрөлүп,
ат үстүндө ойногон,
мен кыргыздын уулумун,
ата жолун жолдогон.
Селкинчек
Күүлөп койчу селкинчекти,
улам бийик тебейин.
Апам иштен келатканын
тээ бийиктен көрөйүн.
Күү-күү селкинчек!
Күүлө-күүлө! Канат сермеп,
көккө жете барайын.
Атам чарчап жумушунан
келатканын карайын.
Күү-күү селкинчек!
Күүлө-күүлө! Куштай учуп,
талпынайын бактыма.
Эл-жери үчүн кызмат кылар,
жеткинчекмин татына.
Күү-күү селкинчек!
Топ
Топ-топ этип секирет,
томолонуп бекинет.
Баарыбызды издетип,
шайыбызды кетирет.
Чектен чыгып кежир топ,
көгөрттү бир көзүмдү.
Тамга уруп, бир тепсем,
укпай койду сөзүмдү.
Оюн десе ашыгат,
топ-топ этип качырат.
Баарыбызды суй жыгып,
анан тобум басылат.
Беш таш
Бир, эки, үч, төрт,
беш ташты алып жерге чач.
Ойнош үчүн “беш таштын”
тилин билип оюнду ач.
Колдо беш таш ичинен
бирөө – оюн куралы.
Өйдө-ылдый ыргыйт ал,
алмаштырбай тур аны.
Көккө ыргытып бир ташты,
жерден алып бирин кош.
Оюн шарты экөөнү
алаканга бирге тос.
Кезек берип кыздарга,
кезегиңди сен да күт.
Ташты экиден бирге алып,
ыргыганга кошуп бүт.
Үчүнчү ирээт бир ташты
көккө ыргытып, үчөөнү ал.
Анан жалкы ташты алып,
ыргыганга кошуп сал.
Төртүнчү ирээт төрт ташты
колго жыйып батыргын,
көккө ыргыган бир ташка
кошкучакты шашылгын.
Бешинчи ирээт алаканга
төрт ташты алып кысып кой.
Ыргыган таш түшкөнчө,
жерди сыйпап, нукуп кой.
Алтынчы ирээт казанбак
алдынан таш жөргөлөйт.
Казанбактан таштарды
өткөргөн жан “өйдөлөйт”.
Дагы бири: “боз үй” деп,
манжаны уук кылабыз,
ууктардын арасынан
ташты өткөрүп чыгабыз…
Сегизинчи “дүмпүлдөк”,
андан кийин “кыр ашмай”.
“Беш таш” оюну ушундай,
билбегенди сурашмай.
Оюн шартын билбесең,
чоң энеңден сурагын.
Ата-баба оюнун
унуткарбай улагын!
Эл кайда көчөт
“Өйдө көч, өйдө көч,
ылдый көч, ылдый көч!” –
Эл кайда көчөт.
Эл кайда көчөт
көч жөнүн айтат.
Жөрмөлөйт өйдө,
жөрмөлөйт ылдый.
Колуңа консо,
учкуча шашат.
Эл кайда көчөт?
Эл тоого көчөт,
жайлоого көчөт,
кыштоого көчөт.
“Өйдө көч, өйдө көч,
ылдый көч, ылдый көч!” –
эл кайда көчөт?
Тап
Жел ойносо чөп: “шырп-шырп!..”,
алма түшөт деп: “топ-топ!”.
Жайда чымчык дейт: “чырк-чырк!”,
жамгыр кантет сен тап, тап!
Жаздын көйнөгү – жашыл,
кыштын чапаны – ак, ак.
Күздүн күрмөсү – сары,
жайдын кийгенин тап, тап!
Жайдын күнү эң ысык,
“Сууга түш!” – дейт, жайкы аптап.
Жайдан кийин күз келет,
“Күздө бышат эмне?” – айт, бат!
Кымыз ичсең дейт: “кылт-кылт!”,
көл толкуса дейт: “шарп-шарп!”.
Карды кечсең дейт: “кырт-кырт!”,
шамал кантет? – айт, бат, бат?!
Жалкоолуктан кач
Жат, эс ал, укта,
ойгон, жуун, тамактан.
Ичпей, жебей, тойбосоң,
күчтү аласың каяктан?
Тур, бас, отур,
оку, иште, жаз.
Ойно, бийле, ырда,
үлгүр, өмүр аз.
Чурка, жүгүр, шаш,
жалкоолуктан кач.
Кыйындыкты жең,
билим кенин ач.
