Бир “порция” ыр берчи!
Кафеге киргенбиз чогуубуз,
Курсакты кампайтып алганы.
Алышты эки-үч сыйрадан,
Артканын баштыкка салганы.
– А сизчи? Ойлондум не дешти,
Беркилер күпүлдөп бүт жешти.
– Бир “порция” ыр берчи, бир “порция”.
Карашты. “Кызык го, бул”, – дешти.
Хаямдан окуду официант,
Мен ага жооп кылып Хаям сап.
Ошентип “порция” уланды,
Кубаттап турушту колун чаап.
– Эжеке келиңиз, дагы да,
Мен сизге көп берем порция.
– Мынчалык илимдүү баласың,
Эстүүлөр көп китеп окушат.
Мен сени бир кылым унутпайм,
Оо, официант, официант, официант!
