|

Ушул шаар

5/5 - (3 добуш)

Түн. Мемиребейт, миң толгонуп үргүлөйт,
Ичке катып айтылбаган арманын.
Өчпөй калган үмүт сымал үлбүрөйт,
Ушул шаардын нурсуз жанган шамдары.

Ушул шаардан издегеним кайсы эле,
Сездирдиби бул дүйнөнүн жалганын?
Көңүлүмдөн орун издейт кайра эле
Көптөн бери күңүрт аткан таңдары.

Кылым жууган, кыр-чуңкуру түздөлгөн,
Кыйраган кез кыш беле же жай беле?
Мелтиреген таштан бүткөн ушул шаар
Кайсы күнү мээрими жок калды эле?

Жамгырында себелеген бул шаардын,
Жалындабай сызып күйгөн оттоймун.
Мезгилдердин аркасына жашынган,
Мээрим издеп жашап жүрөт окшоймун…

Автор

  • 1974-жылы Ош облусунун Көк-Арт айлында туулган. Кесиби боюнча тигүүчү-дизайнер. Учурда Москва шаарында жашайт жана эмгектенет.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген