Орхан Памук: “Менин Атым Кырмызы” (7)
(роман)
7. Менин атым Кара
Баласын алгач көргөнүмдө көп жылдар бою Шекүренин жүзүн эмне үчүн жаңылыш эстеп жүргөнүмдү дароо түшүндүм. Орхандыкы сыяктуу эле Шекүренин да жүзү ичкесинен келип, ээги болсо мен ойлогондон узунураак экен. Ошондуктан сүйгөнүмдүн оозу, албетте, мен жылдар бою элестеткендей чоң эмес, тескерисинче, кичирээк, жыйнактуу болушу керек эле. Он эки жыл бою бир шаардан экинчи шаарга көчүп-конуп жүргөнүмдө, кыялымда Шекүренин оозун улам кеңейтип, эриндери кыналышкан, бирок бөрсөйгөн, жылтылдаган алчадай ширелүү кылып элестетип жүрүптүрмүн.
Эгер италиялык устаттардын ыкмасы менен тартылган Шекүренин сүрөтү жанымда болгондо, балким он эки жылдык сапарымдын бир жеринде артта калган ашыгымдын жүзүн эми таптакыр эстей албай жатам деп өзүмдү үйсүз-жайсыз сезбес белем. Анткени жүрөгүңө чегилип калган арзууңдун жамалы ичиңде жашап турса, дүйнө дагы эле сенин үйүң бойдон калат.
Шекүренин уулун көрүү, аны менен сүйлөшүү, жүзүнө жакындан карап өбүү менин ичимде жамандыкка жакын, күнөөкөр, киши өлтүргүчтөргө гана таандык бир убайымды ойготту. Ичимдеги бир үн: «Бар, эми дароо Шекүрени көр» деп шыбырап жатты.
Бир маалда эч нерсе айтпай эле жездемдин жанынан чыгып кетип, диванга ачылган эшиктерди – көзүмдүн кыйыгы менен санап алган элем, бири тепкичке, бешөө караңгы бөлмөлөргө алып барчу эшиктердин баарын – бирден ачып, Шекүрени тапканча издей бергим келди. Бирок жүрөгүмдөгү сезимдерди убактысынан мурда, ойлонбой ачык айтып жибергеним үчүн он эки жыл сүйгөнүмдөн алыста калганымды эстедим. Ошондуктан тынч гана сыр билгизбей күтүп, Шекүре дагы ушул жерде бир канча ирет отургандыр, канча жолу кол тийгизгендир деген ой менен жаздыктарга, буюмдарга карап, жездемди унчукпай угуп отурдум. Ал мага Султан бул китепти Хижреттин (1) миң жылдыгына жеткиргиси келип жатканын айтты. Жаханды калкалаган Падышабыз ошол миңинчи жылда өзү да, мамлекети да франктар колдонгон ыкмаларды алардан кем калышпай өздөштүрө алаарын көрсөтүүнү каалаптыр. Ошондой эле Падышабыз дагы бир сурнаме (2) жасатып жаткандыктан, устат накышчылар өтө алек экенин билип, аларга накышкананын ызы-чуусунда эмес, үйлөрүндө иштөөгө буйрук бериптир. Алардын жездеме жашыруун келип-кетип жүргөнүн да, албетте, билчү.
– Баш накышчы устат Осмонду көрөсүң, – деди жездем. – «Көр болуп калыптыр, акылынан адашыптыр» дешет. Менимче, экөө тең бар.
Өзү чыныгы накышчы болбосо да, бул өнөр анын негизги кесиби болбосо да, жездемдин Падышанын уруксаты жана колдоосу менен китеп жасатып, аны көзөмөлдөшү, албетте, карыя устат Осмонго жакпай, алардын ортосун суутмак.
Мен болсо балалыгымды эстеп, үй ичиндеги буюмдарга көз жүгүртүп отурдум. Жерде салынган Куладан келген көгүш килем, жез кумган, кофе табагы менен челек, маркум таежем «Кытайдан Португалия аркылуу келген» деп канча ирет мактанган кофе чөйчөктөрү – мунун баарын он эки жыл мурда эле эстечүмүн. Бул буюмдар, бурчтагы сөөк-бермет менен кооздолгон рахле (3), дубалдагы кавуклук (4) илинген текче, кол тийгизсем баягы жумшактыгын эске салган кызыл баркыт жаздык сыяктуу эле, Шекүре менен балалыгыбыз өткөн Аксарайдагы үйдөн калган. Алар дагы эле ошол үйдөгү бактылуу мезгил менен сүрөт күндөрүнүн жылуулугун сактап тургандай сезилди.
Бакыт жана сүрөт. Окуяма көңүл бурган окурмандарым бул экөөнү менин дүйнөмдүн башаты катары эстеп жүрүшүн каалайм. Бир кезде бул жерде, китептердин, калемдердин, сүрөттөрдүн арасында абдан бактылуу элем. Анан ашык болуп, ошол бейиштен куулдум. Жаштыгымда дүйнөнү үмүт менен кабыл алышыма Шекүрени жакшы көрүшүм себеп болгонун көп ойлончумун. Балалык ишеним менен сүйүүмө жооп алаарымдан күмөн санабагандыктан, дүйнөнү да жакшы жер катары кабыл алчумун. Китептерди, жездем оку деп берген нерселерди, медреседе үйрөнгөндөрдү, накыш менен сүрөттү дал ушул үмүт менен жакшы көргөм. Ошол жарык, кубанычтуу, бактылуу мезгилим Шекүреге болгон арзуума карыздар болсом да, четке кагылганымдын натыйжасы да аны бузган караңгылыгым болду. Муздак түндөрдө жалгыз калып жок болуп кетким келген учурлар, түшүмдө сүйгөн аялым менен бирге туңгуюкка кулап жатканымды көргөнүм, «мен эч нерсеге жарабаган адаммын» деген ой – ушунун баары Шекүреден калган мурас сыяктуу болчу.
– Өлүмдөн кийин, – деди жездем бир топ убакыт өткөн соң, – бул дүйнөдө төшөгүндө тынч уктап жаткан адамдардын жандары менен биздин жандар жолуга алаарын билчү белең?
– Билчү эмесмин.
– Өлүмдөн кийин узак сапар бар. Ошондуктан өлүмдөн коркпойм. Падышабыздын китебин бүтүрбөй калуудан корком.
Акылымдын бир тарабы өзүмдү жездемден күчтүүрөөк, салмактуураак деп сезсе, экинчи тарабы бул жакка келе жатып кийген кымбат кафтанымды, сарайдан чыгарда мине турган күмүш жабдыктуу, саймалуу ээр тагылган атымды ойлоп турду.
Накышчылардан үйрөнгөнүмдүн баарын ага айтып береримди айттым. Колунан өөп, тепкичтен түшүп, короого чыктым. Кардын суугу денеме тийгенде бала да эмес, карыя да эмес экенимди, дүйнөнү денем менен сезип турганымды түшүндүм. Ат сарайдын эшигин жапканда шамал согуп өттү. Таш төшөлгөн жерден короого чыкканда тизгинин кармаган кызыл атым да мендей дирилдеди. Анын күчтүү буттары, чыдамсыздыгы – баары менин ички абалымдай сезилди.
Көчөгө чыгаары менен жомоктогудай бир кетсе кайра кайрылбай турган атчан сыяктуу, бир секирип минейин деп жаткам. Ошол маалда кайдан пайда болгону белгисиз, башынан аягына чейин кызгылт кийген чоң жөөт аял колунда түйүнчөгүн кармап маңдайыма чыкты.
– Арстаным, азаматым, чын эле айтылгандай келбеттүү экенсиң, – деди ал. – Үйлөнгөнсүңбү, бойдоксуңбу? Жашыруун сүйгөнүңө Истанбулдун атактуу соодагери Эстерден жибек жоолук аласыңбы?
– Жок.
– Атластан кызыл кур белек кыласыңбы?
– Жок.
– «Жок» дебе! Сендей жигиттин сүйгөнү болбой калмак беле? Канчалаган кыздар сен үчүн күйүп-жанып жатышса керек?
Ал заматта шамдагай кыймылдап, мага жакындады да, сыйкырчыдай болуп колунан кат чыгарып калды. Катты көз ачып-жумгуча алып, ботокурума тыгып жибердим. Кат денеме тийип эле ысык оттой сезилди.
– Атка мин да, жай бастырып жөнө, – деди Эстер. – Бул дубал менен барып оңго бурул, анан анар дарагынын жанына барганда артыңа, терезе тарапты кара.
Ал ошентип көздөн кайым болду. Мен атка миндим да, жүрөгүм катуу согуп, колдорум эмне кыларын билбей турганына карабастан, буттарым атты бекем кармап, өзүмдү жыйдым. Ат да акылдуу эле – так айткандай жай бастырып, оңго бурулдук.
Ошондо өзүмдүн келишимдүү экениме ишене баштадым. Ар бир терезеден аялдар мени карап турушкандай сезилди. Ичимде баягы жалын кайра тутанды. Анар дарагы кайда? Мына ушубу? Ооба.
Жеңил бурулуп артыма карасам, көзүмө бир терезе урунду, бирок ичинен эч ким көрүнгөн жок. Эстер мени алдап кеткен окшойт деп ойлодум. Ошол замат жабык терезе ачылып, кар баскан бутактардын арасынан он эки жылдан кийин анын жүзүн көрдүм.
Ал мага карап жаттыбы же башка жактыбы – аны деле түшүнгөн жокмун. Кайгылуубу, жылмайып жатабы, аны да билбедим. Бир гана атым басыгын акырындатса экен деп тиледим. Артыма бурулуп, анын жүзү көздөн кайым болгончо карап турдум.
Кийин, анын катын ачып, ичиндеги сүрөттү көргөндөн кийин түшүндүм: биздин абалыбыз Хосров менен Шириндин терезе алдындагы жолугушуусуна окшош экен. Ошол учурда мен өзүм сүйгөн китептердегидей эле махабат отуна күйүп-жанып жаттым.
__________
1. Хижрет (арабча هجرة – “көчүп кетүү”) – ислам тарыхындагы пайгамбар Мухаммаддын жана алгачкы мусулмандардын Мекке шаарынан Мадина шаарына көчүшү. Бул маанилүү окуя 622-жылы болгон жана ислам календарынын (Хижрий жыл эсебинин) башталышы болуп саналат.
2. Сурнаме – Осмон түрк адабиятында майрамдар жөнүндө жазылган адабий тексттердин жалпы термини. Султандын балдарынын төрөт, сүннөт тою менен султан кыздарынын үйлөнүү тоюн сүрөттөгөн ыр, кара сөз же экөөнүн аралашмасы менен жазылган чыгармалар көбүнчө Сурнаме деп аталат.
3. Ислам маданиятында Куран окууга арналган атайын жыгач текче же китеп койгуч.
4. Осмон жана Селжук доорунда селдени кармаш үчүн колдонулган эркектер кийген баш кийим, же көбүнчө дубалга орнотулган жана эстетикалык жактан кооздолуп атайын жасалган жыгач текчелерге берилген ат.
