Сен жолуктуң
Сен жолуктуң кырк чамалап улгайган,
Жамалы да, жаштыгы да уурдалган.
Жүрөгүнө из түшүргөн кыл курттай –
Жүз-көзүңдөн көрүп турдум миң арман.
Үшкүрүгү, ыза-муңу түрөлүп,
Үстүбүздөн жасап алды зор кылмыш.
Өйдө-ылдыйды аңдаганга моминтип –
Өмүр байкуш тушукканы коңур күз.
Бир аз толуп, ак аралап чачыңды,
Бийик кармап бара жаттың башыңды.
Бантикчен кыз болуучусуң мен үчүн –
Бала бойдон алып жүргөн акынды.
Кайда калды кызылдуу өң боектор,
Кайра айтылгыс ажайып бир жомоктой.
Авазы арген үндү дагы жоготтук –
Арга отундай алоолонбой жан оттор.
Сен жолуктуң кырк чамалап улгайган,
Жамалы да, жаштыгы да уурдалган.
Жүрөгүнө из түшүрүп кыл курттай,
Жүз-көзүңдөн туюп турдум миң арман.
