Сиз жамансыз…

3.7/5 - (3 добуш)

Сиз жамансыз
Сагынтып коюп, байкабаган,
Кабарсыз күндөрдү кайталаган.
Эстеймин, сагынамын, кыялданам,
Айласыз өз жашоомо кайтам анан.

Сиз жамансыз
Ойго салып адамды ойрондойсуз,
Сыйга татып, сыйкырлап койгондойсуз.
Бардыгынан жүрөгүмө кирип алып,
Жашайсыз да калганын ойлонбойсуз.

Сиз жамансыз
Максатымдан, тилегимден адаштырган,
Жүрөк менен сезимди маташтырган.
Оюмдагы ордуңузду түптөп коюп,
Акыл менен көңүлдү кайраштырган.

Сиз жамансыз
Оомал-төкмөл дүйнөнү жараштырган,
Опол тоодой эмгекти караштырган.
Ооруй бербей сиз менен, өзгөрөйүн,
Ооматымды берсе экен санат-ырдан.

Сиз жамансыз
Эстебейин деген сайын эсимдесиз,
Түндө, таңда, түшүмдө, кечимдесиз.
Кандай ойдо жүрөсүз, билбейм, бирок,
Жакшы болмок, сыр айтып чечилсеңиз.

  • 1981-жылы Өзбекстандын Касансай районунда төрөлгөн. Учурда Жалал-Абад облусунун Кара-Үңкүр айылындагы орто мектепте мугалимдик кесипти аркалап келет. 4 автордук китептин ээси.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген