Эки түстүү элестер
“Кезегинде бир кереги тийет” деп,
Кээде гана карап коём иреттеп.
Ак-карадан башка деле түсү жок
Альбомумда эчак түшкөн сүрөт көп.
Кызмат кылчу сыйкырчыдай сүрөтчү…
Кыздар түшсө жарашыгын тилешчү.
Жатып-туруп мен окуган китепте
Жаман менен жакшы гана күрөшчү.
Убакыттын ээ-жаа бербей таскагы,
Унутулуп ала кагаз баштагы
Түбөлүккө бир жүрчүдөй баарыбыз
Түшкөн сүрөт түстүү боло баштады.
Батыш-чыгыш окуулары үйүлгөн,
Баш көтөрүп китеп толгон үйүмдөн
“Жалаң эле ак-карадан турбайт!” деп
Жарыкчылык кеңдигине сүйүнгөм.
Асманында күн желеси калкыган,
Алты өңүрүн аянбастан чалкыган
Дүйнө мага жарык болуп сезилчү
Дүйүм түркүн боёкторду камтыган.
Аткан таңды алмаштырып караңгы,
Алыштырып адал менен арамды,
Жылдызыбы, жылчыгыбы билинбей
Жыртык дүйнө далай жолу жамалды.
Толгон-токой мөмө терип багында,
Тойду карап, төрдө отурар чагында,
Көзгө тааныш эки түстүү элестин
Көбү кетип, азы калды жанымда…

Эки түстүү элестер.
Сонун!
Чоң рахмат, Айгүл.