|

Курбум Майрамга

5/5 - (3 добуш)

Издедиңби үрүл таңдан, күүгүмдөн?
Курбум мени эстедиңби бүгүн сен?
Же түшүңө кирдим бекен чын эле,
Ошондогу сага тааныш кийимчен.

Жүрөм, курбум, мүмкүн сага көрүнбөй,
Турпатымды туман тосуп чулгаган.
Угуп, кээде окуп калсаң ошол мен,
Чиймелеген бир-эки сап ырлардан.

Сенин дагы сезимдериң жабыркап,
Ыпластыктан булгандыбы жүрөгүң?
А мен болсо баштагыдан көбүрөөк,
Жазды күтөм, дале жазды сүйөмүн.

Тагдыр күттүм таалай-ыйы аралаш,
Жуттум жашым кирпиктерим ирмелип.
Андагыдай ала көөдөн эмесмин,
Дос-душмандар калган эчак иргелип.

Кыялданып, толкунданып, шаттанып,
Мен кетээрде турмуш жолго аттанып.
Баратканбыз, балким, анда коштошуп,
Артыбызда көркү кеткен бак калып.

Анда-санда бир бирине жалгашып,
Асманда да ала булут бар эле.
Эртеңкиден күткөнүбүз көп болчу,
Кыялыбыз окшош балким дагы эле.

Түпөйүл бир ойго батып тымызын,
Түшүнүксүз карагансың жалдырап.
Кайсы күнү бөлүнгөнбүз эсте жок,
Калганы эсте күзгү сары жалбырак…

  • 1974-жылы Ош облусунун Көк-Арт айлында туулган. Кесиби боюнча тигүүчү-дизайнер. Учурда Москва шаарында жашайт жана эмгектенет.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген