Оскар Уайльд: “Булбул жана Роза”
(аңгеме)
– Ал кыз айтты, эгерде мен эртең ага кыпкызыл роза гүлүн алып барсам мени менен бийге түшөт, – деп сүйлөнүп жатты Студент. – Бирок менин бакчамда андай кызыл роза гүлү жок.
Анын минтип сүйлөнүп жатканын Эмен дарагындагы уясында отурган Булбул угуп, тандануу менен жалбырактардын арасынан акырын баш бакты.
– Ушунча бакчалардын ичинде жок дегенде бир эле тал кызыл роза болсочу, – деп туталанды. Ошол маалда анын татынакай көздөрүнө жаш толуп турган. – Эхх.. Бакыт дегениң кээде ушундай ойго келбеген нерселерден көз каранды болот турбайбы. Мен канча деген акылмандардын жазгандарын окудум. Философиянын баардык сырларын изилдедим. А менин тагдырым болсо бир гана кызыл роза гүлүнүн жоктугуна келип такалып калды.
“Мынакей чыныгы сүйгөн адам”, – деп ойлонду Булбул. “Түндөн түндү калтырбай сайрап жүрөм сүйүү жөнүндө. Ал жөнүндө асманга, айга, жылдыздарга чейин жеткирдим. Акыры мына өз көзүм менен сүйгөн адамды көрүп турам. Чачтары гиацинт гүлүндөй кара. Эриндери өзү издеген роза гүлүндөй кызыл. А өңү ошол сүйүүнүн азабынан пилдин сөөгү сымал кубарып, капалык желкесинен басып бүт денесин ээлеп алган”.
Студент болсо шыбырап күңкүлдөгөнүн уланта берди:
– Эртең кечинде ханзаада бий кече уюштурат. Менин сүйүктүүм ал жерге чакырылган. Эгер мен ал сураган кызыл розаны алып барсам мени менен таң аткыча бий аянтында бирге болот. Мен аны кучагыма кысам. Ал менин ийинине башын жөлөйт. Колдорубуз бекем кыса кармашып бирге болобуз. А менде болсо ага алып барганга бир тал гүлүм жок. Жалгыз отурам кечеде. Кыз болсо мени карап да койбой жанымдан кыйгап өтүп, көңүл бурбай жүрөгүмдү жаралайт.
“Чыныгы ашык болгон адам”, – деп оюн улады Булбул. “Бул, мен ырларымда сайрап жүргөн сүйүүнү чыныгы жашоодо башынан өткөрүп жатат. Мен сүйүү тууралуу ырдап андан кубаныч таба алсам, бул жигит кайгы-касыретке бөлөндү. Сүйүү кандай керемет. Ал дүйнөдөгү баардык баалуу нерселерден кымбат. Алтынга алмашып, берметке сатып алуу мүмкүн эмес. Базарга, дүкөнгө коюп соодалаганга болбойт”. Булбул өз ою менен алпурушканча жигит капалуу күңкүлдөп жатты:
– Хордо отурган музыканттар арфада, кыл кыякта, ойношот. Менин сүйүктүүм ал керемет кылдардын добушуна бийге түшөт. Жепжеңил, укмуштуудай каалгып, буттарынын учтары жерге тиер тиймексен болуп чарк айланат. Айланасында кооз кийимчен сарай кызматкерлери болот. Бирок ал мени менен бийлебейт. Анткени менде ал суранган кызыл роза жок. Ошентип сүйлөнүп эт бети менен чөпкө кулаган жигит алакандары менен жүзүн басып, эчкирип ыйлай баштады.
– Бул неге ыйлап жатат? – деп сурады кичинекей жашыл кескелдирик. Ал куйругун булактатып жигиттин жанынан өтүп бара жаткан.
– Чын эле, эмнеге ыйлап атат? – деп аны коштоп кетти күндүн нурун издеп каалгыган калдыркан көпөлөк.
– Эмнеге? – деп аларга кошулду Маргаритка чөбү желге термелип.
– Ал кызыл роза үчүн ыйлап жатат, – деп жооп берди Булбул.
– Кызыл роза үчүн? – деп таңдана түштү баары. – Бул күлкүлүү нерсе го!
А кичине кескелдирик эч кимден тартынбай эле каткырып күлдү. Жигиттин кайгысын бир эле Булбул түшүнүп турган. Ал биразга ойлонуп туруп канаттарын жайып, учуп чыкты уядан. Ал чакан токойду айланып учуп, бакчанын үстүнөн кайкып өттү. Көгүлтүр көлмөнүн жанында бир түп бажырайган розанын көчөтү турган. Аны көргөн Булбул жакындап учуп келип бир бутагына конду.
– Мага бир тал кызыл роза берчи, – деп сурады андан. – Мен болсо сага арнап эң мыкты обонумдан сайрап берем. Роза көчөтү баш чайкагандай термелип:
– Менин розаларым ак түстө, – деди. – Ооба, алар деңиздин көбүгүндөй таза, алар ак кардан тунук. Бирок сен сураган түстө эмес да. Андан көрө менин бир тууганыма бар. Ал тиги эски күн көздүү сааттын жанында өсүп турат. Балким ошол тууганым бере алаар?
Булбул андан ары учуп күн көздүү сааттын жанындагы көчөткө келип конду.
– Мага бир тал кызыл роза берчи, – деп сурады андан. – Мен болсо сага арнап эң мыкты обонумдан сайрап берем.
– Мендеги розалар сары да, – деп жооп кылды көчөт. Алар алтындан дагы сары, алар суу периси Сиренанын чачынан да сулуу. Бирок сен сураган түстө эмес. Сен андан көрө алиги Студент жигиттин терезесинин алдында өскөн менин тууганыма бар. Балким ошол сураганыңды бере алар?
Ошентип Булбул Студент жигиттин терезесинин алдындагы көчөткө учуп келди.
– Мага бир тал кызыл роза берчи, – деп сурады андан. – Мен болсо сага арнап эң мыкты обонумдан сайрап берем.
– Туура! Менин розаларым кызыл. Алар көгүчкөндүн таманындай кызыл. Алар океан түбүндөгү термелген коралл өсүмдүгүндөй кызыл. Бирок тилекке каршы менин денемде кан жүгүрбөй калган. Өткөн кыштагы сууктан улам тамырларым тоңуп, бутактарым бүлүнүп кыйраган. Андыктан менде быйыл сулуу, кызыл роза гүл ачпайт.
– Бир гана тал, – деп жалооруду Булбул. – Мага бир тал гүл жетет. Балким аны кантип табыштын жолун билерсиң?
– Билем. Бирок ал өтө коркунучтуу жана оор жол. Аны сага сунуштоого жүрөгүм даабайт.
– Сунуштай бер. Мен эч нерседен коркпойм, – деп чыйпылдады Булбул.
– Эгер сен гүл алгың келсе анда аны өзүң жаратышың керек, – деди Роза көчөт. – Ай жарык түндө өзүңдүн керемет обондоруңду сайрап, бутагыма жүрөгүңдөн кан беришиң керек болот. Аны үчүн бутакка коносуң дагы бир узун тикениме көкүрөгүңдү такап алып сайрайсың. Түнү бою. Ошондо тикен жүрөгүңө сайылат. Сенин каның менин тамырыма сиңип менин каным болгондо сен каалаган кызыл роза гүл ачат.
– Жан берүү, бир тал гүл үчүн өтө кымбат баа болуп калбайбы? – деп саал күймөнө калды Булбул. –Жашоо баардык жандык үчүн кызык эмеспи. Токойдо отуруп күндүн нурунан ырахат алып, айдын нуруна бөлөнүп, өсүмдүктөрдүн жыпар жытына чөмүлүп жашоону баары каалайт да. А бирок, сүйүүнүн алдында тирүүлүк анча маанилүү эмес. Анын үстүнө бир кичине чымчыктын жүрөгү адам жүрөгүнө караганда эч нерсеге арзыбайт.
Ошентип оюн айтып Булбул асманга бир көкөлөп бийиктен караса Студент баягы чөптө сулаган бойдон жатат. Көзүнүн жашы кургаган эмес.
– Сүйүнчү! – деп кыйкырды Булбул. – Сүйүнчү! Сенде эми бир тал роза гүлү болот. Мен аны өз обондорумдан жана жүрөгүмдүн каны менен жасап берем. Сенден сураныч сүйүүгө татыктуу бол, чынчыл бол! Сен окуган Философияда акыл бийлик жүргүзгөнү менен, сүйүү андан көбүрөөк бийлик жүргүзөт. Бийлик канчалык күчтүү болбосун сүйүү андан күчтүүрөөк. Андыктан сүйүүгө бекем бол!
Студент булбулдун сайраганын угуп чыканактай калды. Бирок албетте эч нерсе түшүнбөдү. Ал, булбул тууралуу окуган китептерден улам билиши мүмкүн, тилин түшүнмөк кайдан.
Эмен дарагы болсо баарын түшүндү. Ал бул кичинекей чымчыкты өтө жакшы көрчү. Кантсе да өзүнүн бооруна уялап жашап келаткан эле да.
– Мага акыркы ирээт ырдап берчи, – деп суранды. – Сен жок болсоң куса болом эми.
Булбул күмүш кумгандан куюлган тунук суунун шыңгырындай обон менен сайрап берди Эменге. Булбул ырын бүткөн соң студент жигит ордунан туруп чөнтөк дептерин, калемин алып чыгып күңкүлдөп сүйлөнүп үйүн карай басты:
– Ооба, ал чымчык. Өз ишин калыпка салууда чыныгы адис. Аны талашуу кажет эмес. Бирок анда сезим деген нерсе бар болду бекен? Менимче жок. Чындыгында ал сүрөтчүгө окшош. Чеберчилик, көркөмдүк бар чынчылдык жок. Ал өзүн эч качан башка бирөө үчүн курмандык кыла албайт. Ой санаасынын баары музыкада. А баарыбыз билгендей көркөм өнөр бул өзүмчүлдүк. Анын обондору чындыгында кереметтүү, таңданарлык. Болгону мааниси түшүнүксүз, жана иш жүзүндө тастыкталбаган.
Ошентип мурдунан күңкүлдөп сүйлөнүп бөлмөсүнө кирип керебетке кыйшайып сүйүүсүн ойлоп жаткан боюнча уйкуга кетти.
Ай жаркырап көрүнгөн маалда Булбул кайрадан роза көчөтүнө учуп келди. Бутагына конду да жүрөгүн ийнесине такап алып сайрап баштады. Асманда ай да аны муздак айнектей томсоруп карап кыймылсыз. Канчалык сайраган сайын розанын тикени жүрөгүн карай акырындык менен тереңдеп кирип баратты. Билинер-билинбес тамчы болуп жылуу, кызыл кан тамып бутакка сиңип атат. А дегенде кыз менен жигиттин сүйүүсү, ал сүйүү ар бирөөнүн жүрөгүнө кандай жолдор менен билинбестен кирип алары тууралуу сайрады. Бутактын баш жагында роза гүлү ачылып жандана баштады. Обондун артынан обон, розада болсо желекченин артынан желекче пайда болуп жатты. Алгач гүлдүн өңү жеңил тумандай кубарып, кыймылсыз сууга чагылышкан күмүш түстөнүп жаралды. Ооба, бутактын башында ачыла баштаган гүл дал ошондой болчу. Көчөт болсо булбулга кайрылып:
– Тикенге бекемиреек жөлөнгүн! Антпесе гүл өңүнө чыкканча таң атып кетет, – деп шаштырат.
Булбул тикенге улам катуулап жөлөнгөн сайын сайраган үнү бийиктеп, катуулап, укмуштуудай кооз обондор жаңырды. Гүлдүн өңү акырындык менен, жигит кызды алгач ирээт эринден өпкөндөгү уяң кызарган жүзүнө окшоп албырып келатса да тикени чымчыктын жүрөгүнө толук бата элек болгондуктан ойдогудай кызыл түсүн бере элек. Көчөт болсо улам шаштырат:
– Бекемирээк жөлөнгүн, бекемирээк! Антпесе таң атып кетип гүлдүн өңү ачылбай калбасын!
Булбул бар күчүнө салып көкүрөгүн бекемирээк түрттү эле тикендин учу жүрөгүнө батып кетти. Андан улам жүрөгү мыкаачынын кыйноосундай катуу ооруп жатса да булбулдун үнү бийиктей берди. Ооба. Анткени ал сүйүүнү даңазалап ырдап жатпайбы. Ааламда баардык тирүү жан бир күнү өлсө дагы, сүйүү эч качан өлбөсүн айгинелеп, далилдегиси келип ырдап жатат. Гүл болсо күн чыгып келаткандагы ааламга чагылышкан кызыл нур сымал, кочкул кызыл түстөгү баасы чексиз асыл ташка окшоп кызарып жанды. Ошондо гана Булбул үнү алсыз тартып, каргылданып, көздөрү чаңыттап, тамагы буулуп баратканын сезди. Анын абалын көргөн ай дагы таң атышын унутуп калгандай асманда мелтирейт. Эмен дарагы эч ким менен бөлүшө алгыс сезимдерин билдиргенсип жалбырактары шуудурап, үн сөзсүз солкулдап ыйлап аткансыйт. Мына, анын обонунун акыркы кайрыктары созолонуп келип токтоду. Кыпкызыл жанып турган роза гүлү да укту. Кулпуруп, силкилдеп, атып келаткан таңды көздөй желекчелерин желбиретип көрктөндү. Булбулдун акыркы кайрыгы жаңырыктап тоолорду, үңкүрлөрдү, камыштуу жээктерди, токой-черлерди аралап андан ары деңизге өтүп кетти.
– Карачы! Карагылачы, менин гүлүм кыпкызыл болуп жанды, – деп айгайлады роза көчөтү. Баары угушту. Бирок, жүрөгүнө узун тикен сайылып, жансыз денеси жашыл чөптө сулк жаткан Булбул уккан жок.
Түшкө маал терезелерин шарт ачкан Студент кубанычы койнуна батпай бакырды.
– Ооо кудайым ай! Бул кандай кубаныч! Кубанычтуу күн! Мынакей кызыл роза. Мындай укмуш розаны мен өмүрүмдө көргөн эмесмин! Анан ал гүл кайдадыр качып жөнөчүдөй жанталашып, эшикке да чыкпастан терезеден эңкейип шарт жулуп алды. Шашкалактап кийинип, баш кийимин жана гүлдү көтөрө чуркап окумуштуунун үйүнө карай сызды. Окумуштуунун кызы кире бериш тепкичте жибек жипти түрмөктөп отуруптур. Тизесинде кичинекей ит жатат. Студент:
– Сиз мага убада бердиңиз эле! Эгер кызыл роза алып келсем мени менен бүгүн кечте бийге бармаксыз, – деп учурашпастан дагы шашкалактап үмүттүү кайрылды кызга. – Мынакей! Бул сиз сураган гүл. Муну көйнөктүн жүрөк тушуна бекитип аласыз. А кечинде сиз экөөбүз бийге түшкөндө бул гүл сизге болгон менин чексиз, тунук сүйүүмдү билдирип турат.
Бирок, окумуштуунун кызы мурдун чүйрүдү.
– Тилекке каршы бул гүл менин дааратканамды да көрккө бөлөй албайт деп корком, – деди мыскылдуу жылмайып. – Анан да тиги хан сарай кызматкеринин жээни мага чыныгы асыл таштардан белек берип кетти. Асыл таштар бул кунарсыз гүлгө караганда баалуу болорун билет чыгарсыз?
Муну укканда Студенттин заманасы куурулду.
– Кандай гана жакшылыкты билбеген кара мүртөз адамсыз! – деп үнү дирилдеп, ачуусу ичине батпаган Студент колундагы кызыл розаны көчөгө ыргытты. Анысын өтүп бараткан араба тепселеп кандай мээнет, жан берүү менен жаралган роза гүлдүн сын-сыпатынан заматта эч нерсе калган жок.
– Хм-м. Кара мүртөз? Жакшылыкты билбеген? – деп туталанды кыз. – Бул не деген оройлук. А деги сиз билесизби өзүңүз кимсиз? Сиз болгону эч нерсеси жок, келечеги туңгуюк, шүмүрөйгөн студент. Керек болсо менин бүт кийимимдин такасына таккыдай белек бере албайсыз. А кызматкердин жээни болсо мага асыл таштан белектерди берди. Сиз мага тең эмессиз!
Ушинтип айтты да ордунан шарт туруп текебер басып үйүнө кирип кетти кыз. Болгон үмүтү таш каап, томсоргон сезим калды сыртта.
“Бул сүйүү дегениң жөн гана акылсыздык окшобойбу”, – деп ойлоду кайтып кетип баратып Студент. Дагы эле туталанып ичи уйгу-туйгу. “Акылга сыйбаган көрүнүш. Дайыма аткарылбас тапшырмалардын артынан тамтаңдатып ээрчиткен сезим экен. Эч нерсе далилдеп болбойт. Ишке ашпас нерселерге ишендирет. Же акыбети болбойт. Андан көрө Философияны, жана анын Метафизика тармагын өздөштүргөнүм дурус болоор”.
Бөлмөсүнө кайтып келген студент текчедеги чаң баскан китепти колуна алып керебетке чалкасынан түштү да барактаганга киришти. А тоо-токойлорду, көл-дениздерди, бүтүндөй ааламды кичинекей чымчыктын керемет обону аралап жүргөн эле.
Орусчадан которгон Кулмат Тукеналиев
