Туулган күнүң кут болсун!
Жүргөндүрсүң туулган күнүң белгилеп,
Кубанычтан жүрөгүң бүт элжиреп.
Сезээрсиң деп, жароокер, кутуктоомду,
Ырым менен арнайын жакшы тилек.
Ден соолукта өмүрлүү бол, садага,
Үй-бүлөлүк бакыт каалайм сага да.
Ууртундагы күлкүң кетпей түбөлүк,
Асылзаттык тунук сүйүү сага да.
Жактырамын мүнөзүңдү, жайдарым,
Жаштык кездин шамалындай айдарым.
Балбылдаган жоодур көзүң кадалып,
Эркем, сага калган элем байланып!
Өздүк майрам куттуу болсун, асылым,
Каалоо айтып турам мына батынып.
Карылыктын доорун сүргүн дөөлөттүү,
Өмүрлөшүң менен бирге каткырып.

