Бир тагдыр
Көз ачырбай көкүрөгүм бурганак,
Көңүл ордун таба албай кыйналат.
Көз ирмемдик өмүр кетер кайыптан,
Уйпаланган, жулмаланган бир барак
Калса менден бираз гана ыр калат.
Калса менден бираз гана ыр калат,
Ким билет ал чаңда калат, ырдалат?
Канча эмгек кылсам дагы жашоодо,
Калем менен кагаз бетин тырмалап,
Качандыр да кайран өмүр улгайат.
Мээрими жок, жылмайбаган бул заман,
Кандай баатыр, кандай алп бар сынбаган?
Билинбеген кусалык жеп ичимден,
Бирде азап жеп, өксүп-өксүп ыйлагам,
Бирде туруп билек түрөм, чыңданам.
Бүтүн дүйнөм бүлүнсө да туйбаган,
Бар, тагдырым бир кагазга сыйбаган.
Билек түргөн кезегимде чыйралып,
Бирде дүйнөм калган кезде булганып,
Билек түшкөн күндөр өксүп ыйлагам.
Бир ааламды бир жүрөккө жыйнаган,
Бар тагдырым, бир ааламга сыйбаган.
