|

Мыкчымай

4.5/5 - (8 добуш)

(аңгеме)

Бул үйгө баланы капыстан алып келишти. Аны эч ким деле күткөн эмес эле. Анын үстүнө балага зар болгон адамдар эмес болчу. Бардыгы жетиштүү, телегейи тегиз жандар. Шаарда жашап, иштеп жүргөн уулу беш жашар баланы ээрчитип келди:

– Ата, апа, бул баланы багып алалы, – деди. Ата менен апа балага карап, бир саамга чоочуп кетишти.

– Эмнеге? – деп, эң алды менен апа катуу чоочуду.

– Тим эле… багып ала береличи? – дейт уулу көзүн жалдырата.

– Эмне, балага муктаж болуп жатасыңбы? Тигине, өз балдарың деле жетиштүү го? – деди атасы.

– Жок, зар деле эмесмин. Жөн гана багып алалычы? – дейт.

– Ээ, бул өзү ким? – деди апасы.

– Бала да… Тим гана бала.

– Аты-жөнү барбы? Кайдагы бала? – дейт дагы да балага назар салган апасы.

– Азыр кабыл ала бергиле, анан билесиңер да…

– Ээ, сен бала, эмне бизди сынап жатасыңбы? Бул эмне, көчөдө жаткан балабы? – дейт атасы бир аз ачуулана.

– Жок, көчөдө жаткан бала эмес… Тим гана баккым келди, – деп уулу бир аз нымтырай сүйлөйт.

– Эмне, жетимканадан алдыңбы?

– Жок.

– Көчөдө жүрүптүрбү?.. Эгерде көчөдө жүрсө, муну издеп жатышкандыр? – деп, апасы да уулунун нымтыраганынан шектене сүйлөдү.

– Жок, көчөдөн деле тапканым жок. Биз келиниңер экөөбүз макулдашып, багып алалы дедик. Эртең эле чоңоёт, анан кол арага жарап калат да.

– Эмне, аялың билеби?

– Билет… биз макулдаштык.

– Ошондо “бул баланы силер баккыла” дегени турасыңбы же көрсөткөнү алып келдиңби?

– Силерде болсун, анан үйрөнүшүп калганда алып кетемин. 

– Эй, сен бала, ушу шектүү сүйлөп жатасың? Бул бала уурдалган жокпу? Бирөөнүн баласын уурдап келген жоксуңбу? Сөзүң так болбой жатат… – деген атасы силкинип алды.

– Жок, эч кандай уурдалган бала эмес. Азыр шаарда билесиңер, мен иштейм, келиниңер иштейт. Балдар болсо мектепке барышат. Муну үйдө карай турган адам жок.

– Эгер муну бага турган болсоң, өзүңдүн балдарың менен кошо бакпайсыңбы? Ошолорго көнсүн да, – дейт апасы тынчсыздана. Баланын көздөрү жайнап, көзгө сүйкүмдүү экен.

– Мунун ата-энеси бар неме бекен? Теги ким экен? Билип туруп, анан багайын дедиңби? Теги жаман неме болсо, эртеңки күндө какшатып кетпесин? – деген атасы да тынчсыздана сүйлөдү.

– Теги жакшы эле адамдар болсо керек. Анысын сүрүштүрбөдүм. Баккым келди… – дейт уулу дагы деле нымтырай. Бала болсо анын жанынан жылбайт. Этегинен кармап, улам “аталап” коёт. Муну уккан кемпир-чал:

– Эй, мунуң “ата” деп алыптыр го? Качан үйрөтө салдың? – дейт атасы.

– Билбейм, мени көргөндө эле “ата” деп алды. Ошондон да багып алайын дедим да.

– Ай, балам, билбейм, сен эмнени баштап жатасың? Азыр адам буюмдай эле болуп калды окшойт, таштап кетип жатышат. Жетимканаларда күнөөсүз бир жакшына балдар багылып жатат. Ошолорду да кайсы бир ата-эне тапкан да. Ай, билбейм… билбейм… деги эмне болуп баратат? – деп атасы башын чайкап алды.

– Силерге калтырайын… кабар алып турам. Кийим-кечеси тигинде, сумкада, – деп чоң сумканы көрсөттү.

– Мейли эми, ушунча алып келипсиң, таштасаң ташта. Бизге көнөр бекен бу бала? Тааныбаган, бир да жолу көрбөгөн бул бала эмес, келип-кетип жүргөн өз балдарың көнүшчү эмес эле. Мунуң эми көнүп кетишин айт? – деп апасы кейиштүү сүйлөдү.

– Көнөт… көнбөй кайда барат? Жакшы мамиле кылсаңар эле көнүп кетет… – деп уулу жылмая сүйлөдү.

– Тигини, тигини… “жакшы мамиле кылсаңар” деп, доомат артат го бу? – деген атасы ордунан туруп баратып, уулуна таарына да кетти.

– Тамашалап жатам. Мен иштен бери эле келдим, барайын. Баланы акырын алаксытып туруп, алып калгыла, – деди. Бала болсо бирдемени сезгендей, улам “атасынын” колун бекем кармап, алаңдай аны карайт.

– Жүр, уулум, мен сага алма терип берем. Анан кө-өп конфет берем, – деп апасы балага колун сунду. Бала негедир андан чочуркаган да, тартынган да жок. Ал дагы колун сунду.

– Мына, өзү эле билип жатат да, – деп уулу сыртка жөнөдү.

– Ай, бала, сен мунун толук дарегин айтпадың го? Эртең бирөө келип: “Менин балам, уурдап алыпсыңар?” – дебейби, деги? – деп атасы дагы такып сурады.

– Жок, ата, ал жагынан камсанабаңыз. Эч ким келбейт. Азыр шашылып жатам да. Кийинки келгенде айтып берем баарын, – деди баласы. 

– Ай, билбейм… эмнегедир шектүү болуп жатат.

– Мен кеттим. Келип турам, уулум. Сен ушул жерде болосуң. Булар сага жат эмес. Чоң ата, чоң энең болот, – деп баланын чекесинен жыттап, далысынан таптап койду.

– Сен эркексиң. Эркек киши ыйлабайт. Жакшы жүргүн ээ? Мен келип турам… – деп артына кайрылып туруп дагы айтты. Бала болсо, эмнеси болсо да ата тилин алгандай болду да, артынан ээрчиген жок. Дароо эле чоң эненин жетегинде бак ичине киришти. Ал жерден кызарган алмадан үзүп берди. Бала аны колуна алып, бирок тиштеген да жок.

– Алманы жакшы көрөсүңбү? – деди чоң энеси.

– Ооба, – дейт бала нымтырай.

– Анда ушул алмалардын бардыгы сеники. Каалагандай үзүп, жей бересиң, – деп бак ичин колу менен көрсөтүп койду. Анан чоочуй:

– Ий, катыгүн, камырым ачып кетти го? Жүрө берген турбаймынбы?! – деп шашыла үй тарапка басты.

– Ай, абышка, камырым ачып кетти. Сен тиги тандырды жандырып кой, – деп ичкери кирип баратып, абышкасына үн катты. Бала сырттагы кичинекей тактай орундукка отуруп, колундагы алманы тиштеп кирди. Бирок тартынгандай, жалтактай, эки жагын карап коёт. Атасы кеткен жолду карайт. Чоң атасы сыртка чыкканда анын артынан басты. Балага бир карап алган чоң атасы:

– Жүр, уулум, мен сага тандырга от жакканды көрсөтөм, – деп алдыга басты. Бала анын артынан кете берди. Тандыр агарып, кыпкызыл болгон нандарды тактайга тизип алып, чоң энеси үйгө кирди. Анан балага:

– Курсагың ачтыбы? – деди. Бала “ачкан жок” дегендей, башын чайкап койду.

– Азыр мен сага мыкчымай жасап берем, – деди. Бала ага түшүнгөн деле жок. Тим гана чоң энесине карап эле койду. Айткандай, ысык нанды майда туурап, сары майдан куюп, ысык нанды эзгилеп, анан майдаланып майланышкан нанды тоголоктоп туруп, биринчи өзү оозанып, анан балага сунду. Бала “бул эмне?” дегендей, таңыркай карап тура берди.

– Ме, алсаң. Сонун тамак. Оозуңда эле эрип кетет. Ме, ала кой… Бул конфеттен да таттуу, алсаң… моминтип тиштеп жей бересиң. Ала кой, уулум, – деп колундагысын балага сунуп, тура берди. Бала кыйлага кыйылып туруп, анан колуна алды да, четин тиштеп көрдү. Тили менен жалап да жатты. Мыкчымайдын даамы жага түштүбү, анан чоңураак тиштеди. Же курсагы ачкабы, колундагыны толук жеп койду. Аны байкаган чоң эне дагы бирди карматты. Аны да жеп салды.

– Ой, азамат бала тура. Эч жийиркенбей жегенин кара. Мына, мына, чыныгы айылдын баласы белем. Деги эле чиртейбейт го бул, – деп чоң энеси кубанып алды. Тиги өз неберелерине канча жолу мыкчымай жасап берет, таптакыр жешпейт. Мурчуюшат. Урушуп жатып, араң бир аз жедирген болот. Ага да жалынып, жалбарып, бул жакшы нерсе экенин, жагымдуу, витамин экенин айтат.

– Азамат, уулум, мындан кийин сага дайыма мыкчымай кылып берип турам ээ? – деп баланын бетинен сүйүп койду. Негедир, бала да ага тартыла түшкөндөй. Жүрөгү элжиреп, анан баланы бекем кучактап, башынан жыттап алды. Жыты да жагымдуу. 

– Азыр мен сага чай кайнатып, тамак берем, – дейт. Адатта ысык нан менен ысык чай ичишет булар. Абышкасы да кемпири жапкан нанды, анан мыкчымайды жакшы көрөт. Чеке тердете отуруп, кыпкызыл чай ичишет. Бул жолу экөөнө бала кошулду.

Бала тез эле аларга көнүп кетти. Айрыкча чоң эненин мыкчымайы жакты.

– Мыкчымай жасап бериңизчи, – дейт. Чоң эне да анын суранычын жерге таштай албай, ал үчүн болсо да, атайы тандырга нан жабат. Анан ысык нанга сары майды кошуп, абдан майдалап эзип, тоголоктоп, балага берет. Мыкчымайды ысыгында жегенде даамын сезесиң да. Бала да ошону билип калды. Кээде муздак нанды да атайы ысытып туруп жасап берет, бирок анысы окшобой калганын бала айтат.

– Башка жасап бериңизчи? – деп суранат. Чоң эне баланы негизинен мыкчымай менен гана багып калган сыяктуу. Анын негизги тамагы ушул болуп калды өңдөнөт. Убада кылгандай, уулу болсо тез-тез келип, баладан кабар алат. Анын минтип тез-тез келиши ата-энеге да табышмак. Бир жагынан бала үчүн келип жатканын билишет. Бала болсо чоң энесине аябай көнүп калды. Мурдагыдан ирденип, молтоюп, эки бети кызарып, каткырыгы чыгып калганын байкады “атасы”. Жакын кошуналардын балдары менен ойноп, бала өзүн бул жерде эркин сезип калды. Чоң ата менен чоң эне ошого кубанышат. Бирок дагы деле уулунан баланын толук таржымалын уга алышкан жок. Ар келген сайын сурашат, уулу болсо улам чаргытып, башка сөзгө алаксытып жатып, кутулуп кетет. Бул кезге чейин бала айыл жеринде эле жүргөндөй, тез эле өзүнө досторду таап, бактылуу балалыктын кучагында болчу.

Бирок бул үй-бүлөгө кырсык күтүүсүз келди. Уулу автокырсыктан каза тапты. Ошондо ата бул баланы “каражолтой” деп кабыл алды. Аны жактырбады. Уулунун кыркылыгынан кийин келинине тапшырды.

– Кайдан алып келсеңер, ошол жакка тапшыргыла… Алып кет… – деди. Келин болсо тырчыят, буракандайт.

– Мен бул баланын кайдан алып келгенин билбейм, – дейт.

– Кантип билбейсиң, экөөңөр кеңешип алып келипсиңер го? – деди атасы ачуулана.

– Жок, ата, андай эмес. Бул баланын таржымалы башка. Кийин билесиңер, – дейт келин.

– Болду, билбей эле койдук. Билгим да келбейт. “Каражолтой бала” болду бул! Эгер бул келбегенде, балам кырсыктабайт болчу! – деп атасы ачууланат.

– Мен деле айткамын уулуңузга… тилди албай койду… – деп, келин табышмактата сүйлөйт.

– Болду эми… Болоору болду… Алып кет, – деди да, атасы силкине басып кетти. Атанын сөзү эч качан эки болчу эмес. Аны келин да жакшы билип калган. Келин да баланы шаарга алып келип, алган жерине тапшырып койду. Чоң эне мындай кош кайгыны көтөрө алган жок… Балага эми эч ким мыкчымай жасап бербейт… Бул үйдө да мыкчымай жасалбайт. 

  • Журналист, жазуучу. Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү.

    Журналистика тармагында 40 жылдан ашуун эмгектенип келет. Аны менен бирге жазуучулукту да алып жүрүүдө. “Асмашам”, “Экөө”, “Кайып кыз”, “Ак келин”, “Сырдуу дептер”, “Санпа трагедиясы”, “Эчким”, “Көзмончок” китептери жарык көргөн.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген