|

Түтүн

3.7/5 - (3 добуш)

Тамекиңден дембе-дем чыккан,
Түтүнүңдү окуп түшүнөм,
Көкүрөктү көөгө оонаткан,
Кирсе керек дүйнө түшүңө.

Кызык деймин, ышың окшошот
Ыйындыра ээрчиткен жолго,
Кыйкырыгың кысылып турат,
Кош манжасы соройгон колдо.

Өпкөлөгөн көкүрөгүңдү,
Өчүрүүгө ашыккандайсың,
Түймөк-түймөк муңуңду үйлөп,
Түтүнүңдү жашыткандайсың.

Бир белгисиз чекитти тиктеп,
Обочодо ойго чыландың,
Түтүнүңдүн түйдөгүн чечип,
Түшүнбөгөн жанга ууландың.

Сенин жаның түтүнгө окшош,
Желден жерге сиңип муңканаар,
Кемшийген ооз эскерүүсүндө,
Көзүң гана калат муздаган.

  • Акын. Жазуучу. Кесиби боюнча биолог. Биохимия лабораторияда лаборант болуп иштейт. Саламаттыкты сактоонун отличниги. “Адабий Ордо” сайты 2026-жылы уюштурган “Жаз” темасындагы бир ыр сынагынын жеңүүчүсү.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген