Асманымда тура бер
Күнгө окшошум күлмүңдөгөн,
Аткан таңдай келбетиң.
Айга окшошум үлпүлдөгөн,
Нурдандырган жер бетин.
Түнкү асманды кооздоп турган,
Жылдызымсың жаркыган.
Тулку боюң бүткөн нурдан,
Карагандан тартынам.
Мен өңдүүлөр тартышсын деп
Жерде туруп азабын.
Алып сени кетсе керек,
Айга, Күнгө атайын.
Нур жүзүңдөн жанган кезде,
Ыраа көрбөй өзгөгө.
Жылдыз кылып сени көккө,
Чачып ийген жок беле?
Калсам керек катып, соолуп,
Болбогондо сен эгер.
Күн, Ай болуп, Жылдыз болуп,
Асманымда тура бер…
