Биз

3.8/5 - (5 добуш)

Бул дүйнөгө жаралып,
Төрөлүптүр бир нерсе.
БИЗ экен аты – билип кой,
Эсиңе бекем түйүп кой. 

БИЗ жүрөт жердин баарында,
Жашайт ал сүйүү шаарында.
Көңүлү чөкпөйт эч качан,
Достору болсо жанында. 

Достору анын – Ишеним,
Үмүт экөө жандашат.
Достук, Сүйүү, Кечирим
Биримдикти тандашат.

Сагыныч дагы дос болот,
Ынтымак менен коштолот.
Аларды ээрчип Ырыс да
Кучагын жайып, Кут тосот.

Ишеним айтат: «Жүргүлө,
Окшошту бизге издейли.
Жөнү жок дүйнө кезбейли,
Жалгыздыкты сезбейли».

Үмүт ага кошулат:
«Табабыз», – деп озунат.
Сагыныч менен коштолуп,
Издөөсү көпкө созулат.

Ынтымак дагы үн катат:
«Биздейлер кайда?» – деп айтат.
Кошулуп бул да Достукка,
Арыштап экоо жол тартат.

Биримдик айтат: «Жүргүлө,
Кулакты бекем түргүлө.
Баарыңар БИЗге кошулуп,
Бактылуу өмүр сүргүлө».

Сүйүү дагы калышпайт,
Кадамын таштап арыштайт.
«Тапсам», – дейт өзү мендейди,
Өзү да аны билбейби?
Эсине ошол келбейби?
Жүрөт го бардык жерлерде,
Жүрөгү аны сезбейби?

Артта калбай Кечирим
Алар менен жарышат.
«Мен өзүмдү табам», – деп,
Көгөрүп, болбой тырышат.

Ырыс күтөт аларды,
Жол карап күндө саргайды.
Качан келет булар деп,
Аттырды далай таңдарды.

Өздөрүнө окшошту
Талыкпай издеп барышат,
Кошулушуп баарысы,
Бир күнү акыр табышат.

Бир күнү карап турушса,
Эки булут асманда.
Кол кармашып ойношот,
Бир-бири менен достошот.

Келгиле баарың бул жерге,
Таптым дейт Достук мендейди.
Чогулуп эми баарыбыз,
Силерди дагы издейли.

Ал жерге баары чогулуп,
Жүрөктөр бирге согулуп,
Бөлөнөт дүйнө жарыкка
Нур сыяктуу төгүлүп.

Кичинекей бир жандык
Отурат жалгыз талаада,
Түгөйү жүрөт калаада,
Батты байкуш санаага.

«Келгиле баарың бул жерге,
Мен таптым!» – дейт «мендейди,»
Кайрылып тигил жандыкка,
«Издегем!» –  дейт сендейди.
Койнуна батпай сүйнүчү,
Сагыныч дүйнө кезбейби.

Ал жерге баары чогулуп,
Жүрөктөр бирге согулуп,
Бөлөнөт дүйнө жарыкка
Нур сыяктуу төгүлүп.

Көчөдөн өтөт бир тууган,
Бири-бирин кууган,
Ойношот алар күнүгө,
Ичишип аяктагы суудан.

Аны көргөн Биримдик:
«Таптым!» – дейт, – «мына өзүмдү!
Уккула эми сөзүмдү,
Бууcаң дагы көзүңдү,
Биримдик мына байкалат,
Чыныдагы суудай –
Тунук, таза чайкалат.
Мунун баары – биз үчүн
Кандай гана салтанат».

Ал жерге баары чогулуп,
Жүрөктөр бирге согулуп,
Бөлөнөт дүйнө жарыкка
Нур сыяктуу төгүлүп.

Талаадагы эки гүл
Бир-бирине баш иет.
Асмандан нур төгүлүп,
Күн да аларга ийилет.
Кызыл-тазыл болушуп
Сүйүү киймин кийишет.

«Келгиле!» — деп бул жерге,
Жар салат Сүйүү каткырып,
«Таптым дейт мен да өзүмдү,
Жалгыздыкты жат кылып».

Ал жерге баары чогулуп,
Жүрөктөр бирге согулуп,
Бөлөнөт дүйнө жарыкка
Нур сыяктуу төгүлүп.

Аларды көргөн үй-бүлө
Конокко баарын чакырат,
Эшиги кеңен ачылат,
Дасторкону жайылат,
Чачыласы чачылат,
Таажы болуп ишеним,
Баштарына тагылат.

БИЗ сөзүн мындай баштады,
Алдыга кадам таштады:

«Сүйүү, Достук, Кечирим,
Үмүт, Ырыс, Кут дагы,
Сагыныч менен Ишеним –
Бул менин жакын досторум.
Биримдик менен Ынтымак,
Силерди кантип унутайын?
Саламымды сунaйын.

Күндөр өтөт, из калат
Ар бир баскан кадамдан.
БИЗ бар жерде — ырыс бар,
Үмүт өчпөйт ааламдан».

Ал жерге баары чогулуп,
Жүрөктөр бирге согулуп,
Бөлөнөт дүйнө жарыкка
Нур сыяктуу төгүлүп.

18-декабрь, 2025 жыл

Автор

  • Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сан-Таш (азыр Байзак) айлында төрөлүп, чоңойгон. Балдарга жетиштүү адабият болсо деп тилейт.

    Авторго колдоо көрсөткүсү келгендерге:

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген