“Бир буюм бар мен жөнүндө калп айтпас…”
* * *
Бир буюм бар мен жөнүндө калп айтпас,
Көп күнүмдү көз алдында бүтүргөн,
Эки көздү карап турат эки көз,
Эмнеликтен эчкиргенин түшүнгөн.
Ошол көздөр азыркыдан жандуу эле,
Колдору да ийкемдүүдөй сезилген,
Чындык үчүн балким күнөө кылгандыр,
Сырдуу айнек чындык үчүн кечирген.
Ал айнектин карегинде катылуу,
Сүйүүсү да, бакыты да, муңу да,
Ак сезими жерде жатат чачырап,
Ак шоонага тизмектеген шурудай.
Өңү тартып бараткандай бозомук,
Бою дагы туураланып боюма,
Эки көзү аяр карап тургансыйт,
Эки ийнимди кучактаган колума.
Мен кетерде сенден өчөт эки көз,
Колум менен бырчалайм да сындырам…
Тилген жериң дирилдейт да оорутпайт,
Күчүм жыйнап күлө карап кылгырам.
Сыныктары чар тарапка чачырап,
Сырын айтпас көздөр жерге киринет…
Жадыраган жаш арчага маңдайлаш,
Жаркыраган жаңы айнек илинет.
