|

“Босогоңдо турам бүгүн…”

5/5 - (4 добуш)

* * *

Босогоңдо турам бүгүн,
Көшөгөмдү кыя албай.
Мелтиреген мелүүн шыптар
Кайтышымды суранбайт.

Суз караган дубалдар да
Менден чарчап бүткөндөй,
Терезени черткилеген
Тентек кызды күткөндөй. 

Бир сүйүүнүн пайдубалы
Чар тарапка бөлүнүп,
Илкип калган басыгымдын
Изи жерге өбүлүп. 

Бара жаттым бар күчүмдү
Ызалуу ыйдан чыгарып.
Мени тосуп алар жолдун,
Босогосу мунарык.

  • Акын. Жазуучу. Кесиби боюнча биолог. Биохимия лабораторияда лаборант болуп иштейт. Саламаттыкты сактоонун отличниги. “Адабий Ордо” сайты 2026-жылы уюштурган “Жаз” темасындагы бир ыр сынагынын жеңүүчүсү.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген