| |

Фахриддин Шамсетов: “Бир күндө үч өлүк көмгөн аял”

5/5 - (1 добуш)

(аңгеме)

Мафтуна тиричилик иштеринин баарысын ийне-жибине чейин тыкылдатып аткарган тың келин. Колунан бардык иш келет. Анын ишинен эч ким айып таба албайт. Өкүнткөнү – тили аябай жаман да. Заарын чачып турат. Ал жаштайынан эле ушундай болчу. Башканы мындай кой, өзүн төрөгөн апасына да тил кайрычу. Андайда энеси байкуш:

– Ушул тилиң бир күн сенин башыңды жейт кызым. Жакшы сөз да, жаман сөз да бир ооздон чыгат. Сылык-сыпаа, жакшы сөздөрдү сүйлөп үйрөн. Эртең эрге берсем кайын журтуңан кылган ишиңе эмес, жасаган мамилеңе, сүйлөгөн сөзүңө жараша кеп угамын. Ушуну унутпа, – деп кейип-кепчип калчу. Бирөө менен урушуп калса оозунан ак ит кирип, кара ит чыккан Мафтуна апасынын кебине көңүл деле бурчу эмес.

Мына бой жетип, турмушка чыгып, балалуу болсо деле анын тили бузук адаты кала элек. Кайненеси анын бир да ишинен айып таба албайт. Бирок тилинен болсо…

Бул келин үчүн балдары шоктук кылса: “Жаның чыккыр, тыбырчылабай жөн отур! Түсүң суубай өл. Жаагыңды жап! Доошуңду өчүр! Азыр өлтүрүп салам!” – деген суук кептер менен каргап-шилөө кадимкидей көрүнүш. 

Мафтунаны чоң перзенти уул. Беш жашта. Экинчиси кыз. Ал али наристе. Бешиктен бели чыга элек. Кызы ыйласа да бешикке колу тиери менен Мафтуна адатынча: “Бала болбой өл сен! Иш кылдырасыңбы, жокпу?! Өлтүрүп коем азыр, доошуңду өчүр!” – деп карганып жатып калат. Кээде апасынын какшанып жатканын уккан бешиктеги баласы жым болуп, тынчтанып калчу.

Мафтунанын күйөөсү үй-бүлөнүн чоңу болгондуктан ата-энесинен бөлөк там салып, өздөрүнчө түтүн булатып, бөлүнүп чыгуулары керек болчу. Аз убакыт алга жылбай ошондой да болду. Алар жаңы там салышып, ата-энелеринен бөлүнүп чыгышты. 

Мафтуна күйөөсү менен кечээтен бери ажатканага чуңкур казып жатышкан. Бүгүн да казышса кыйла терең болуп калат. Кызы болсо бешикте. Баласы сыртта ата-энесинин айланасында ойноп жатат.

Күйөөсү шаты менен чуңкурга түшкөн соң, Мафтуна шатыны алып, арканга челек байлап күйөсүнө узатты. Аңгыча ичкериден наристен ыңалаган үнү угулду.

– Уфф, өлсүн. Дароо ойгонду. Кичине уктап турса өлөбү?! Такыр иш кылдырбай турган болду. Эми колуң ишке тийсе кыңкылдай баштайт, – Мафтуна адатынча сүйлөнө баштады.

– Бар, кара. Уктатып чык, – деди күйөөсү кызынын ыйлап жатканын уккан соң.

– Ээ, азыр ошого убактым барбы? Ыйласа ыйласын. Ичегилери кеңейет. Күн ысып кеткиче тезирээк бүтүрөлү, – деди челекти аркан менен ылдый узаттып. Күйөөсү челекке топурак сала баштады.

Наристе болсо ан сайын каттуу ыйлап, токтобой койду.

– Бар, тиги жаны чыккыр карындашыңдын үнүн өчүрүп чык! Азыр өзүм кирсем өлтүрүп коем! – деп беш жашар уулуна бакырды Мафтуна. Ойноп жүргөн уулу апасынын бакырган үнүнөн коркуп, чуркаган бойдон үйгө кирип кетти.

Ал үйгө кирери менен: – Дошунду өчүр! Болбосо азыр өлтүрүп саламын! – деп бешиктеги карындашын уруша баштады. Наристе болсо өчөшкөндөй ан сайын катуу кыйкырып ыйлап жатты.

Эри челекти топурак толтуруп: “Тарт”, – деди. Мафтуна челекти тарта баштады. Аңгыча наристенин үнү чыкпай калды. Ичкериден беш жашар уулу өңү бозурайып, колдору канга боелгон бычак менен чыгып келди.

Баласынын:

– Ап-а, тынчтан. Үнүңдү өчүр десем, үнүн өчүрбөдү, – дегенин угаар замат Мафтуна жамандыкты сезгендей: “Түсүң суубай өл .Эмне кылдың?! Эмне кылдың?”, – деп сурап жатып колундагы арканды кантип коё бергенин билбей калды. Аркандагы ичи топуракка толгон челек күйөөсүнүн башына түштү. Ал заматта мүрт кетти. Апасынын кыйкырыгынан коркуп, өзү билбеген, байкабаган абалда карындашына бычык урган баласы да коркунчутан жүрөгү жарылып жыгылды… 

Куду апасы айткандай Мафтунанын тили бүгүн анын башын жеди. Ошол күнү кечки күгүүмдө көпчүлүк тили бузук келиндин үйүнөн күйөөсү жана эки перзентинин табыттарын көтөрүп, мүрзө тарапка жол алышты.

Өзбек тилинен которгон Нуркамил Абдуллаев

Автор

  • Журналист, жазуучу. 1976-жылы туулган. 1997-жылдан бери медиа тармагында эмгектенип келет. “Таасирет”, “Шоктугунан коркпо”, “Салыштырба, сындырасың”  аттуу китептердин автору.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

One Comment

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген