“Ирмемин ошол кездин сезгим келип…”

5/5 - (1 добуш)

* * *

Ирмемин ошол кездин сезгим келип,
Илгерки бир сүрөткө үңүлдүм да,
Кубарган кубанычка жан киргизе,
Кусама кулач жая жүгүрдүм да!
Кыйбасым, кыйын мага сенсиз дедим.

Бошотпос сезимимди айтып жаттым,
Боздодум бооруңа мен кучакталып,
Батырбай экөөбүздү бир уяга,
Тагдырдын кайчы жолго узатканы!
Солкулдап ийиндерим ыйлап жатты.

Кадалды карегиме каректериң,
Сен дагы сагынычтан азыптырсың,
Түрсүлү айтып жатты жүрөгүңдүн,
Түбүнө түбөлүктүү бир сүйүүнүн,
ысымын, ыйыгыңдай катыптырсың…

Илебин бир сүйүүнүн кучактадым,
Болбостур адашкандар кеч кезиксе…
Кайчылаш жол жоруган ошол сүрөт…
Түшүрүп бир сезимди  эстеликке,
Тирүүлөр айланабы эскерүүгө?

Автор

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген