|

“Көркөм деңиз бурмаланып жуурулган…”

4/5 - (4 добуш)

* * *

Көркөм деңиз бурмаланып жуурулган,
Көөнөрбөстөр кучагына кошулбайт.
Таамай чындык татыбайт да таажыга,
Сенин ырың билем бүгүн окулбайт. 

Билем, сени кучактабас бул аалам,
Биздин жолдор бир белгисиз бурганак,
Эркиң үчүн көккө учуп желим шар,
Оозундагы оюң буулуп… уурданат.

Дудук болуп калдың, билем, акыным,
Киши ачпаган китебиңдин ичинде,
Ишенген жол батыш жакка үгүттөп,
Балга кошуп коргошунду ичирген.

Чөгө көрбө бурмаланган деңизге,
Таамай чындык каалгып турат. Тумчукпайт
Фейерверктин жаны чыгып бүткөнчө,
Бир билгеним китебиңден үн чыкпайт.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген