Кулпулар
Кулпулар. Кубарган ачкычтар
“Ачпа”, – дейт алаамат эшигин.
Сөлөкөт бооруна кучактап,
Терметет абийирдин бешигин.
Напсиден озушкан акылдар,
Аттиң ай! Ар жагы кейиштүү!
Жекире карашат суз көздөр
Желбегей жамынган жеңишти.
Куюндан кооптонгон чакырык,
Кулпулайт азаптын эшигин,
Адамдык абийирди сакта деп,
Энелер терметет бешигин.
