|

Мекенимдин түз болсун түбөлүгү!

4.3/5 - (3 добуш)

Туулгандыгым тууралуу күбөлүгүм.
Туулуп, өсчү урпактын күдөрүмүн,
Туулган жердин кадыры канга сиңип,
Туулган жердин тилеймин түбөлүгүн.

Өз өлкөңдү бапестеп бакпаганың,
Өзөн, суудан өбөктөп аксаганың,
Өз керт башын мекенге сайып берип
өлүп кеткен, бабаңа жакпаганың!

Туулдуң болду, турушуң керек бутка,
Мекен үчүн айлангын алгыр кушка,
Ачып жаркын эшикти келечекке,
Боортоктобой, боор этке болгун тутка!

Туулгандыгың тууралуу күбөлүгүң,
Туруп, басып жүргөнүң күбө бүгүн,
Жуурулаар күн келгенче турпагына,
Мекениңдин түзөгүн түбөлүгүн!

Тирүүлүгүм аныктаар күбөлүгүм,
Тирүүлөрдүн бир байлам күдөрүмүн,
Кара кагаз калтырып кеткичекти,
Канын арнайм калкыма жүрөгүмүн!

Автор

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген