Мезгил
Аба да тунук бир кезде,
Тамшантып турчу жер бетин.
Жүрөгүм мөлтүр, а бирок,
Чаң басып барат келбетим.
Бир кезде жай да жаркыган,
Жылуулук курчап жер бетин,
Жүрөктө жылуу, а бирок,
Кар басып барат келбетим.
Жазга окшош жүрөк ичине,
Сары күз түшө баштаган.
Өмүргө таарынычым жок,
Өкүнүчтөр бар, аздаган.
Төрт мезгил күбө баарына,
Айланып турган жер бетин.
Жүрөктө көктөм, эх-х… бирок,
Күз тартып барат келбетим.
