“Отуз түрлүү оюм сенсиң…”

5/5 - (4 добуш)

* * *

Отуз түрлүү оюм сенсиң,
Отуз күндү ээрчиген.
Өбөк бол деп өмүрүмө,
Алгам сени энчилеп.

Сен жөнүндө кыял бүтпөйт,
Муңумдун да ээси сен.
Бар өмүрдүн ар күнүндө
Ойлор сени ээрчитет.

Ооба, кээде ойдолосоң
Тилек, мүдөөм бузулат,
Күлүк оюм тескери ооп,
Он эки айым тутулат. 

Үмүтүм да сени менен,
Туура бүтүм чыгарар.
Кайчы жолго каршы турган,
Сүйүүм менин мунарам.

  • Акын. Жазуучу. Кесиби боюнча биолог. Биохимия лабораторияда лаборант болуп иштейт. Саламаттыкты сактоонун отличниги. “Адабий Ордо” сайты 2026-жылы уюштурган “Жаз” темасындагы бир ыр сынагынын жеңүүчүсү.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген