Табышмак дүйнө

5/5 - (2 добуш)

Кызык дүйнө табышмагы ачылбас,
Адам жерге кантип келип калды экен,
Кайсар жолдо аруулугун кучактап,
Кайсыл жолго адам бойдон барды экен?

Күнөөсүздөр күн тарапта жашабайт,
Күн көрүүнүн тажаалбы же мыйзамы,
Кыл көпүрө курган кайран адамзат,
Кыяматка баратабы кыйшайып.

Жалынганды жалын каптап күйгүзүп,
Жарты жандын кимге тиет убалы,
Татаалданткан таразаң да чайпалып,
Тартып турат таштак жолдун убайын 

Эси барлар эзип бүтүп ээлигин,
Этин таштап сөөгү жанды кубалап,
Жатаар жерде балким үмүт бар өңдүү?
Жараткандан жаңы жашоо суранат.

Кайтаар жолго аруулугун кучактап,
Кандай адам адам бойдон барды экен?

Автор

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген