|

“Ушундай кооз бир өтүгүм бар эле…”

5/5 - (1 добуш)

* * *

Ушундай кооз бир өтүгүм бар эле,
Көпөлөк кууп, көлчүк кечкен кезимде,
Кыйбай көпкө кысканына кайылдай…
Кыйма жолго кеткен кезде тешилген.

Андан бери канча жаандар төгүлүп,
Көчөлөрдө көлчүк дале ошондой,
Көлөч кийген көлөкөм бар көлчүктө
Кыскан жолдо мууну-жүүнүм бошоңдойт.

Үнсүз, сөзсүз барам анан муңканып,
Бекем кармап турмуш деген тутканы,
Көпөлөк кууп, көлчүк кечкен кезимде,
Бакыт экен өтүгүмдүн кысканы.

  • Акын. Жазуучу. Кесиби боюнча биолог. Биохимия лабораторияда лаборант болуп иштейт. Саламаттыкты сактоонун отличниги. “Адабий Ордо” сайты 2026-жылы уюштурган “Жаз” темасындагы бир ыр сынагынын жеңүүчүсү.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген