|

Вивальдинин төрт мезгили

3/5 - (2 добуш)

Вивальдинин төрт мезгили,
тартып сыйкыр сыбызгы,
Табигаттын тамырын таап,
Улайт укмуш тыбышты.

А жандуулар арбалышып,
Азгырыктын койнуна,
Азап тилеп баштарына,
Арман үйөт мойнуна.

Жаратылыш сулуулугун
сунат, төрт кыл өзгөрүп,
Дарак кышта арууланып,
Жазда бийлейт көрктөнүп.

А адамдар далбас уруп,
Каяккадыр шашышат,
Тыңшап баспай табигатты,
Тырчып бара жатышат.

Куштар болуп айланага,
Куштар обон салгандай,
Вивальдинин сүрөттөгөн
Төрт мезгили майрамдай.

А адамдар… колун шилтеп,
Көөдөндөрүн кемитет,
Айды үмтөткөн азгырыгы,
Ай, жылдарын демитет.

Вивальдинин төрт мезгили,
Периштенин обону,
Тирүү туруп соолуп калуу,
Тирүүлөрдүн соболу.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген