Жол
Көз алдыма келет өздүк тагдыр жол,
Ийри жылан сымал кеткен төтө жол.
Боз ала чаң турпагында изи бар,
Тагдырымдын мага деген жолу ошол.
Кызгылтым кеч чакырып күн да батат,
Төө кыядан өткөндөй жаштык чагым,
Улам узап карааны, өчүп барат,
Кымбат өмүр, жашоом ай, кемип барат.
Тагдыр деген адамдын талуу жери,
Тагдыр жүзүн, келбетин көргөн барбы?
Же болбосо дөө усталар жасап коёр,
Тагдыр кебин жасоону билген барбы?
