|

Ким?..

5/5 - (2 добуш)

Мен тоолордон: «Атың ким?» – деп сурасам,
«Ала-Тоо!» – дейт, асман тиреп шаңкайып.
Мен жолдордон: «Атың ким?» – деп сурасам,
«Мен жолмун, – дейт, сени кошом алпарып…»

Ай ааламдан: «Сен кимсиң?!» – деп сурасам,
«Баш-аягы, алды-арты жок дүнүйө,
келе бер!» – дейт, Азезилдей азгырып,
анын чексиз, адам жеткис түбүнө.

Мен өзүмдөн: «Мен киммин?» – деп сурасам,
«Адамсың, – дейт, менин ички жан дүйнөм, –
ай ааламда улуу тоодой шаңкайып,
айбат бере Ажал беттеп жол жүргөн».

Автор

  • Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ага окутуучусу, ф.и.к., доцент, акын, КР Жазуучулар бирлигинин мүчөсү.

    “Кызык, жашоо…” (ырлар жыйнагы, 2012), “Каармандар сүйлөйт” (драмалуу ыр түрмөгү, 2015), «Кантсин эл!..» (ыр түрүндөгү пьеса, 2016), «Жашынмак» (балдар ырлары, 2022) жыйнактарынын автору.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген