“Мен эч кимге барбасмын көңүл издеп…”
* * *
Мен эч кимге барбасмын көңүл издеп,
мага да эч ким келбестир көөнүм сурап.
Кар, бороондон кайыкпай боюн түздөп,
көчөмдө бир кашкайган өмүр турат.
Ошол өмүр өкүттө сыртта калды,
мен жашабай койгон көп нерсеси бар…
Кандай, билбейм, алака, ыкмалары,
балким майин, балким шок, эрке чыгар…
Жүрөгүмдү аярлап үшүк алган,
ширей албай дүйнөмдүн жаракасын…
Жараштырып жашачу учурларда,
жанын багып кетти да кара башым…
Бар жашоосун башынан бузуп, оңдоп,
болбогонду ким бирөө болтурабы?
Тар бөлмөдө өмүрдүн учун болжоп,
тагдырымды кармалап олтурамын.
Сокчу болчу жүрөгүм мага угузбай,
кайра мага актанат акыл-эсим…
Топту бузбай, жер бузбай, санаа бузбай,
агып өттүм жөн гана, агып өттүм…
Күчкө салып жылмаям эл ичинде,
күчкө салып бирөөнүн кебин угам.
Темене өтпөйт көбүнүн терисине,
жүрөгү таш адамдын, көөнү жылан…
…Мен эч кимге барбасмын көңүл издеп,
мага да эч ким келбестир көөнүм сурап…
Кар, бороондон кайыкпай боюн түздөп,
көчөмдө бир көйкөлгөн өмүр турат…
