“Бүгүн шамал күндөгүдөн башкача…”

4.3/5 - (3 добуш)

* * *

Бүгүн шамал күндөгүдөн башкача.
Үнү муңдуу, өзү дагы ызалуу
Жан дүйнөнүн жалбырагын сапырып
Жар салууда жашайлычы жанаша!

Жашайлычы, жанга кубат берели.
Карабайлы, карааны алыс күндөрдү.
Канат кагып, ак-жарыкты аралай
Ай жылдызды, деңиздерди кечели…

Ашыктыкка, аруулукка – ал жакка
Келбеш үчүн түбөлүккө кетели…

12.01.2016-ж.

  • Журналист, жазуучу, акын. КРдин Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.
    “Издөөнү табуу” (2005-ж.), “Түндөгү караңгы” (2018-ж.) кыска эссе-аңгемелер жыйнактары жарык көргөн.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген