“Кудай ай-й…”

3/5 - (4 добуш)

* * *

Кудай ай-й!
Өзүмдөн өзүм сүрүнүп,
Өзүмдөн өзүм күйүнүп…
Кеткендей болдум узак жыл.
Чыныдай сынып бүлүнүп.

Кудай ай-й!
Кээде сүйүнүп,
Кез-кез кезде кабак түйүлүп.
Нан керек,
Татым туз керек!
Ач болуп жүрөм жүгүрүп.

Кудай ай-й!
Ачка, ток болуп,
Жүрөккө далай муз тоңуп.
Кайгыны кучак гүл кылып,
Күндөрүм өттү бүт соолуп.

  • Акын, котормочу, коомдук ишмер. Кыргыз Улуттук Университети филология факультетин аяктап, Кыргыз Улуттук Илимдер академиясында иштеген. “Руханият”, “Ай тумар, күн тумар”, “Аргымакчан ойлор”, “Канатташым”, “Өлөң сөздүн падышасы” китептеринин автору.

    Казакстан Президентинин «Бирлик» алтын ордени, КР Ассамблеясынын «Мейрим» алтын медалы, Казакстан Республикасынын Жазуучулар Союзунун Абай төш белгиси менен сыйланган, Казакстан Республикасынын Магжан атындагы жаштар сыйлыгын лауреаты.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген