|

Мажит таякем Айтматовду пир тутчу

5/5 - (5 добуш)

(аңгеме)

Акыркы жуп лекция “Чет элдик адабият” сабагынан болмок. Негедир профессор Богославская Надежда Ивановна кечигип жатты.

– Дагы беш мүнөт күтөбүз. Эгерде келбесе, таркап кетебиз, – деди Максат Мергенов.

Надежда Ивановна аудиторияга кабагы салыңкы, ооруп калгандай маанайы суз кирди. Саламдашкан соң баарыбызга кайрылды:

– Жигиттер жана кыздар, менин кымбаттуу досторум, быйыл Швециянын Академиясы адабият тармагы боюнча Нобель сыйлыгын Колумбиянын жазуучусу Габриэль Гарсиа Маркеске ыйгарды, – деди. Күтүүсүз айтылган кабар баарыбызды үшүтүп, ичиркентип жиберди. Көз ирмемде аудитория кулак-мурун кескендей жымжырттыкка бөлөндү. Баарыбыздын оюбузда Чыңгыз Айтматов турду…

– Мындай болушу дегеле мүмкүн эмес! – деген Замир ордунан атып туруп, кыйкырып жиберди. Ооба, анын үнү кыйкырыкка эмес, чаңырыкка окшоп ачуу жана заар чыкты.

– Бул эл аралык сыйлыкка Чыңгыз Айтматовдун дагы талапкерлиги сунушталбады беле. Кандайча мындай болуп кетти?! – деген Замир кызарып-татарып туталанды, өзүн коёрго жер таппай алдастап калды.

– Мен деле Айтматовго ыйгарылат деген ишеничте элем. Бирок, тилекке каршы, андай болбой калды, – деди өзүн айыптуудай жана күнөлүүдөй сезген профессор Надежда Ивновна.

– Маркес деген ким өзү? Анын кандай чыгармалары бар? – деген Чолпонбек Абыкеев профессорго өктөм кайрылды.

– Латын Америкасындагы Колумбиянын жазуучусу. Анын орус тилиндеги “Полковникке эч ким кат жазбайт”, “Чума учурундагы сүйүү” повесттери жана “Жалгыздыктын жүз жылы” романы Чернышевский атындагы китепканада бар, – деди профессор. Курсташтарым Нүрбү менен Сажида олтурган жеринде бышактап ыйлап жиберишти.

– Эки тайпадагы 50 студенттин ичинен он беш чактысы профессордон уруксат дагы сурабай, опурап-топурап ордуларынан шар турушту да, китепканага жөнөп кетишти. Негедир Надежда Ивановна студенттерди токтотууга, аларды кармап калууга дегеле аракет кылган жок.

Профессордун лекция окуганга дегеле көңүлү чаппай, ойлуу эле. Студенттердин дагы бул ирет чет элдик адабият сабагы боюнча лекцияны уккулары келбей турду. Мунун баарына Нобель сыйлыгын жаңы гана алган Габриэль Гарсиа Маркес күнөөлүү!

– Надежда Ивановна, сиз кандай ойлойсуз, Маркес чындап эле Чыңгыздан дагы бийик, жогору турабы? – деди жаш адабиятчы, прозаик Самат.

– Урматтууларым, менин асылдарым, Чыңгыз Айтматов – силердин гана эмес, менин дагы адабияттагы туу туткан пирим, улуу жазуучум. Эки жазуучунун бирин өйдө, бирин төмөн коё албаймын. Ага менин акым дагы жок. Мени өкүндүргөн жери – бир автордун талапкерлиги Нобель сыйлыгына экинчи ирет кайра көрсөтүлбөйт. Швециянын Академиясынын талабы ушундай, өтө катаал, – деди профессор.

– Ал жерде адабиятты түшүнбөгөн түркөйлөр менен жалаң көк мээлер олтурушат окшобойбу. Айтматовдон айланып кеткирлер десе. Чындыкты чыркыратып туруп, көз көрүнөө тебелеп-тепсеп салышкандарын карабайсыңарбы, шумпайлардын! – деди “Бала мышык” аттуу биринчи ырлар жыйнагын чыгарган акыныбыз Алик Акималиев кызуулана. Анын бетине кан тээп чыкты.

– Ачууга алдырып, сыртынан тон быча бербейли, алгач Габриэль Маркести окуп чыгалы, – деген аксакалыбыз Мирзохалим Каримов талашка биротоло чекит койду.

Буга чейин бизге аты-жөнү таптакыр белгисиз, туңгуюк болгон Маркестин сырдуу ааламы, биз али окуй элек табышмактуу чыгармалары өзүнө азгырып, бизди өзүнө магниттей тартып жатты.

Чернышевский атындагы китепканада Габриэль Маркестин “Полковникке эч ким кат жазбайт”, “Чума учурундагы сүйүү” повесттери жана “Жалгыздыктын жүз жылы” романы кирген беш гана нуска китеби бар экен. 1982-жылы Жаңы жыл майрамына чейин университеттин, орус тили жана адабияты, кыргыз тили жана адабияты факультеттеринин жана журналистика бөлүмүнүн жогорку курстарынын студенттери, ошол кездеги Фрунзе шаарынын интеллигенциясы ал китептерди талашып, колмо-кол кылып окуп кирдик.

Башкаларды билбейм, мени жер шарынын эки башка континентинде жашаган Чыңгыз Айтматов менен Габриэль Гарсиа Маркестин көркөм чыгарма жаратуудагы өздөрүнө гана мүнөздүү жана таандык болгон жазуу, баяндоо чеберчиликтери аябай таң калтырды. Адамгерчиликти, сүйүүнү, табият менен тагдырлаш болгон адамзаттын улуулугун көркөм сүрөттөгөн адабияттагы эки алптын мифология менен фантастиканы реалдуу турмушка жуурулуштура жазышы кызыктырды. СССРдин Лениндик жана Мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла”, “Саманчынын жолу”, “Бетме-бет”, “Ак кеме”, “Эрте келген турналар”, “Фудзиямадагы кадыр түн”, “Деңиз бойлоп жорткон Ала-Дөбөт”, “Кылымга тете бир күн” Нобель сыйлыгынын ээси Габриэль Гарсиа Маркестин “Полковникке эч ким кат жазбайт”, “Чума учурундагы сүйүү”, “Жалгыздыктын жүз жылы”, “Улуу энени жерге берүү”, “Патриархтын күзү”, “Жарыяланган өлүмдүн хроникасы”, “Менин бактысыз сойкуларымды эскерүү” аңгемелери менен повесттери, романдары дүйнөлүк адабияттын алтын казынасына кошулду. Залкарлар көздөрү тирүүсүндө эле адабият боюнча дүйнөлүк классиктерге айланды.

* * *

Кышкы сессияны бүтүргөн соң айылыма келдим. Кыш чилдеси өз өкүмүн жүргүзүп, айлана теребел тегиз ак карга бөлөнгөн. Үйдөгүлөр кечки тамакка таякем Мажит менен тажеңем Төркүндү чакыртышты. Мажит таякем – Чыңгыз Айтматовдун, дегеле адабияттын накта ышкыбозу. Мединиститутту үчүнчү курска чейин окуган. Шоктугунан улам окуудан айдалып кетип, эки жыл аскердик кызматын өтөп келгенден кийин, негедир окуусун улантууга мойну жар берген эмес экен. Каникулга келген сайын адабият боюнча экөөбүз кеңири баарлашып, кээде чырылдаша талашып, кыйла чер жазышып алабыз. Айылдагылар кээде атайылап таякемдин жинин келтирип: “Ааламда Чыңгыздан да кыйын жазуучулар көп”, деп тийишип калышат. Андайда итатайы кармаган Мажит таякем өзүнүкүн такыр бербейт.

– Эй, наадандар, Чыңгыз ким, биз кимбиз – ушуну түшүнгүлө. Андан миң мертебе айлансаңар жарашат. Чыңгыз кыргыздын гана жазуучусу эмес, ал эчак эле дүйнөлүк классикке айланган. Алгач чыгармаларын окугула, анан башкалар менен салыштыргыла. Силерге айткан кайран сөз, наадандар, – деген таякем чындап туталана таарынгандай тескери карап басып кетет. Тийишкен адамы менен бир айча саламга да келбей жүрөт.

Эртеси Мажит таякемдин чоң уулу Абдумалик атам менен апамды жана мени сый тамакка чакырып кетти.

– Жүргүлө, таякемдердикине барып келели? – дедим ата-энеме.

– Балам, сен барып кел, биз суукта кыйналбай үйдө эле олтуралы, – деди карылыкка моюн суна баштаган ата-энем.

Төркүн тажеңем үндүктүн этине өзгөн күрүчүнөн палоо демдеп жатыптыр.

– Кел, жээним төргө өт, – деди көңүлү көтөрүнкү таякем. – Дүйнөлүк жана советтик адабият айдыңында эмне жаңылыктар бар?

Мен сөздү ток этер жеринен баштадым:

– Таяке, дүйнөлүк адабиятта жаңы жылдыз жанды. Айтматовдон бир жаш улуу колумбиялык жазуучу Габриэль Гарсиа Маркес күзүндө Нобель сыйлыгын алды.

Таякемдин өңү карамтыл тарта чүйкөлөнө, заматта үтүрөйүп, түнөрө түштү.

– Тамашаңбы же чыныңбы? Азырынча Айтматовдон өткөн күчтүү жазуучу бул дүйнөдө төрөлө элек!

Таякем көзүндө огу болсо атып жиберчүдөй мени теше тиктеди.

– Жок, таяке, бул кашкайган чындык. Мен да алгач укканымда ишене албай, эсеңгирей түшкөнмүн, – дедим. Таякем нес болуп, оозунан келмеси түштү.

– Жээним, балким сен каңырыш угуп калып жүрбөгүн? Азырынча Чыңгызга теңтайлаша турган жазуучу дүйнөдө жок.

Таякем ачуу чындыкты тааныгысы келбей, жеңилүү ызасын мойнуна алгысы келбеген көк жал император Наполеондой көгөрүп, кезере багынгысы келбей турду.

– Эгер билсең, Чыңгыз Айтматов – дүйнөлүк адабияттын Олимпиндеги улуу жазуучу!

Анын катуу чыккан үнүнөн тажеңем менен балдары селт эте чочуп кетишкендей болду.

– Талант эч качан доллар менен өлчөнбөйт, Нобелиңе Чыңгыздын мурду дагы бүткөн жок, – деп жаалданган таякем ушул тапта ачууга алдырып, жандүйнөсү күйүткө батып турду.

Мен берген орус тилиндеги Габриэль Гарсиа Маркестин “Жалгыздыктын жүз жылы” китебин эки күн үйүнөн чыкпай, бөк түшүп окуган таякем менен үчүнчү күнү кайрадан анын үйүндө кызыл чеке болуп талкуулаштык.

– Окуп чыктым, ойлору өтө эле абстрактуу жана чаржайыт, чыгармаларында турмуштан алыстап кеткен, магиялык фантазиясы басымдуулук кылат. Маркесиң Чыңгыздын чыпалагына да арзыбайт.

– Таяке, бул деген илимий китеп эмес, көркөм адабият. Жазуучулар өз ойлорун окурмандарга толук жеткирүү максатында ар кандай көркөм салыштырууларга, мифологиялар менен фантазияларга, магиялык сүрөттөөлөр менен баяндоолорго кеңири барышат. Сөздүн күчү менен кудрети ушунда жатпайбы.

– Сен эмне, муну Чыңгыздан да бийик турат дегениңби?!

– Жок, таяке, мен экөөнү бир катарга коймокмун. Маркес канчалык кыйын болбосун, “Жамийла” менен “Саманчынын жолун” Чыңгыздай жаза алмак эмес. Ошол эле кезде Айтматов да “Полковникке эч ким кат жазбайтты”, “Жалгыздыктын жүз жылын” Маркестей ийине жеткире алмакпы?

– Кеп Нобель сыйлыгында эмес, сөз анын окумдуулугунда. Бул жагынан кимисинин китептеринин нускасы көп? Таякем мага жалдырай карады.

– Азырынча Маркес алдыда, – деген мен күнөлүүдөй башымды шылкыйттым.

– Кысталактыкы, ушундай дегин, мурутуң күйгүрдүкү десе. Мажит таякем колумбиялык улуу жазуучу Габриэль Гарсиа Маркести жактырбай турду.

“Башың өскүр, иттин гана күчүгү болгур” деп таякем өзү жактырып сыйлаган адамын, жакын көргөн адамын ушинтип кызыктай эркелетип, мактамай жагы бар эле. Ал китептеги Маркестин сүрөтүн кайдыгер гана карап койду.

– Э-э, кой эми, ат-тасынын көрү! Кана эмес, жүздөн сеп этели, – деген таякем эки чай пиялага арактан толтура куйду.

* * *

Быйыл эрте жазда жүрөгүнөн инсульт болгон Мажит таякем алгач ооруканада, кийин үйүндө көпкө жатып калды. Жабышкан оору оңдурбады, таякемди алып тынды. Туугандык парзымды аткарып, тажиясына туруп, мүрзөсүнө топурак салдым. Таякемдин кыркы өткөн соң, кызыктай түш көрдүм. Анын алма багындагы чоң сөрүсүндө Чыңгыз Айтматов, Габриэль Гарсиа Маркес жана таякем Мажит көңүлдөрү абдан шат жана куунак, тим эле телегейлери тегиз, бир нерсени кызуу талкуулап отурушат. Үчөө тең жапжаңы кийинген. Чочуп, ойгонуп кеттим. Бейиши болгурларымдын элестерине куран түшүрүп, бата кылдым.

Бирок, бир ой жан дүйнөмдү кыйнап, мээмден такыр кетпей туруп алды. Макул, Чыңгыз Айтматов менен таякем Мажит кыргыз тилинде сүйлөшсүн, а бирок испан тилинде сүйлөгөн жана жазган Габриэль Маркес деле экөөнүн сөзүнө кеңири аралашып, кадимкидей божурашып олтурушпайбы? Же тигил дүйнөдө баары бир тилде сүйлөп калышабы? Мына сага кызык, мына сага жараткандын керемети!…

  • 1961-жылы Жалал-Абад шаарында туулган. СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген