Ой келет…

5/5 - (3 добуш)

Ойлосом эл жөнүндө,
Ой келет тил жөнүндө.
Ал экөө чындыгында,
Түшүнүк тура көрсө,
Ажырап бөлүнбөгөн.
Ансайын ойлондуруп,
Шурудай тизмектешип,
Суроолор келе берет,
Аягы көрүнбөгөн…

Биз эмне унчукпайбыз,
Эзелтен сүйлөп келген,
Эне тил калып жатса,
Өз элге өгөй болуп.
Эртеңин ойлонбостон,
Эне тилин чанып жатса,
Эссиздер дөдөй болуп.

Кыйкырып жар салабыз,
Кыргыз тилден башкасын
жоёбуз – деп,
Сүйлөсөк сөзүбүздө,
Окууда, ишибизде,
Кыргыз тилин эң башка
коёбуз – деп.
А бирок аткарууга келгенинде,
Биз эмне унчукпайбыз.

Биз эмне унчукпайбыз,
Кыргыздын кыз-уулдары өсүп жатса,
Кыргыз эмес «киргиз» болуп,
Ата-эне ырым кылып,
Эне тилде койгон аты өчүп жатса,
Гүлзаты «Гуля» болуп,
А Чыңгыз «Чингиз» болуп.

Биз эмне унчукпайбыз,
Унутта калып жатса,
Уламадан айтылып келе жаткан,
Улуулардын насыят чечен сөзү.
Очогу күлгө айланып,
Опсуз бир тилге айланып,
Айтканда айрым сөзүн,
Айласыз тил байланып,
Жаргонго өтүп жатса,
Кылымдар жашап келген
Кыргыздын нечен сөзү,
Биз эмне унчукпайбыз,
Кыйкырып мактанабыз,
Кыргызга эки миң жыл
толуптур – деп.
А бирок кыргызымды улук кылган,
Кылымга аты өчпөгөн улут кылган,
Билбейбизби эне тил экендигин?

Мейли биз унчукпайлы,
Өзгө тилди өз тилдей  билип турган,
Өзгөлөргө өз тилинде  күлүп турган,
Бул замандын модасы экен бүгүн.

А бирок эртең эле,
Башыңа күн түшсө эгер,
Жоголсо кыргыз тилиң,
Жоголуп бара жатса,
Тарыхын, таза дилиң,
Кол сунуп кыйын кезде
ошол элдер,
Бөтөн элдин көтөрөбү,
Таптакыр бөтөн жүгүн?

Ошондо билерсиң сен,
Оопасыз бул заманда,
Ошол элде турмушуң
курсаң дагы,
Ошол тилде түш жоруп
турсаң дагы,
Бир күнү кези келсе,
Сүттөгү кара тактай,
Сүзүлүп чыгып калат,
Ал элге бөтөндүгүң.

Ойлосом эл жөнүндө,
Ой келет тил жүнүндө.
Ал экөө чындыгында,
Түшүнүк тура көрсө,
Ажырап бөлүнбөгөн.
Ансайын ойлондуруп,
Шурудай тизмектешип,
Суроолор келе берет,
Аягы көрүнбөгөн…

  • 1980-жылы Талас районуна караштуу Көк-Кашат айылында туулган. 1999-жылы Кыргыз-Түрк «Манас» университетине тапшырып, 2004-жылы бакалавр, 2006-жылы магистратура бөлүмүнүн аяктаган. Бир нече китептин (1 ыр китеп) автору жана түзүүчүсү, түрк, орус жана азербайжан тилинен көптөгөн китептерди которгон. Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген