|

“Саамай чачым сыласа деп сагынды…”

5/5 - (3 добуш)

Рахат Жуманазарова (Шакирова) улуттук адабиятка өткөн кылымдын 90-жылдарынын аягы 2000-жылдарынын башында келишкен Мадина Тураева, Сирен Сарбалаева, Назгүл Осмонова, Айжаркын Эргешова, Айнагүл Базарбаева, Аида Эгембердиева, Жыпар Арыкова, Махабат Молдалиева, Динара Бейшеналиева, Азима Акунова, Айгүл Молдокулова баштаган акын кыздар тобунун өкүлү.

Рахаттын ырларын алгач окуганымда эле анын таланттуу экенинен эч күмөн санаган эмесмин. Улам кийинки ырларын окуган сайын ошол оюм бекемделе берет.

“Үч жыл болду” деген ырын окуп чыксаңыз, Рахат Жуманазарованын таланттуу экенине сиз да ынанасыз.

ҮЧ ЖЫЛ БОЛДУ

Мен сени сүйгөнүмө
үч жыл болду…
Мээнетти мен билбеген
башыма үйгөнүңө
үч жыл болду.
Талылуу жерин таап
үч күндө жеңсе болот
түптүү жоону.
Таптакыр түптүз кылып
кулатса болот экен
бийик тоону.
А мен болсо
таңдайымдан чаң чыгып
чырдашсам да,
таң агарып кеткенче
ыр жазсам да,
таптакыр таппай келем
жүрөгүңө алпарчу
жалгыз жолду.
Тажабай  таппасам да
мен  сени сүйгөнүмө
үч жыл болду….

Мен сени сүйгөнүмө
үч жыл болду…
Жаңы алган ошол жылы
жапжашыл жоолугумдун
жукарып, түсү оңду.

Үч жыл бою
үшкүрүк үйүмдөгү
үңкүйгөн конок болду.
Үнсүздүгүң
үмүтүмдү үлбүрөгөн
үзгүлөп, тоноп болду.
Үмүтүм ай,
үңүлдөп ээрчип алып
таштап кетсең,
үзүлүп түшкөндөрдү  жолотподу.

Ушинтип сүйгөнүмө
үч жыл болду……

Мен сени сүйгөнүмө
үч жыл болгон…
Көз жаштан көлмө жасап,
армандан куруп коргон
Мен сени сүйгөнүмө
үч жыл болгон…

Союз учурунда Армияга барып калгандар жакшы билет. Мекен алдындагы өзүнүн атуулдук милдетин аткарганы келген ар бир солдат эки жылдын ар бир күнүн санап-чоттоп өткөрчү. Сүйүү да Мекен алдындагы парз сыяктуу ыйык нерсе. Сүйүүнүн ар бир мүнөтү өмүр бою унутулгус, эстен кеткис сезимдерди калтырарын билсең да, сүйүүнүн да ар бир күнүн санап жүрүп отурасың.

Рахат Жуманазарованын лирикалык каарманы да “Мен сени сүйгөнүмө”, “Мээнетти мен билбеген / башыма үйгөнүңө / үч жыл болду” күн санап, ай санап отурганын түшүнсө болот. Атүгүл сүйгөн учурда ар бир көз ирмем да баалуулукка айланат. Ошол эле учурда сүйүү бул мээнет, сүйүү чындыгында эле түйшүк. Анын мээнетине, түйшүгүнө чыдаган киши чыдайт. Лирикалык каарман сүйүүнү түйшүк катары кабыл алганы ошондон улам, ал сүйүүдөн өткөн түйшүк жок деп билет.

Сүйүүнүн кандайча түйшүк экенин чечмелегени да кызык. Жоону үч күндө жеңсе болору, тоону да ошончо убакта кулатса болору айтылат андан ары ырда. Ал эми лирикалык каарман таңдайынан чаң чыгып, таң агарып кеткенче ыр жазса да, сүйгөнүнүн жүрөгүнө алпарчу жалгыз жолду таппай келерин, бул түйшүккө туптуура үч жыл болгонун айтат. Бирок, ошончо түйшүккө карабай, лирикалык каарман жоолугунун түсү оңгонуна карабай сүйөт, эч тажабай сүйгөн болот. Мына сүйүүнүн керемет күчү кайда?

Сүйүү мына ушундай керемет күч. Үшкүрүк үйүндөгү үңкүйгөн конок болуп, үнсүздүгү үлбүрөгөн үмүтүн үзгүлөп, тоноп болсо да, үмүтү үңүлдөп ээрчип алып үзүлүп түшкөндөрдү жолотпой, таштап кетсе да сүйөт. Сүйүүнүн формуласы айтып болгус.

Сүйүү үчүн көз жаштан көлмө жасайсың, армандан коргон курасың. Анан бир күн өтөт, бир ай өтөт, бир жыл өтөт, эки жылы, үч жыл өтөт, ошентип сүйүүнүн формуласын таап, аны багынткыча, сүйүү армандан бакытка, көз жаштан күлкүгө айлангыча жылдар өтө берет.

Разат Жуманазарованын чеберчилиги ушунда, лирикалык каарманынын махабатка мелт-калт толгон жан дүйнөсүн, анын сезимдерин, толгонууларын карапайым сөздөр менен эң сонун сүрөттөп ачып бере алган. Жүрөгүн ала чаппайт, сүйүү, күйүү тууралуу укмуштай салыштырууларды айтпайт. Жупуну сөздөр, жөнөкөй ойлор менен мээнеттүү жана түйшүктүү сүйүүнүн образын түзүп жүрүп олтурат.

Ырды окубатып, эки жыл мекен чегинде кызмат кылууга барган солдат үйүнө кайтчу күндү самап, ар бир күндү эсептеп-чоттоп жашагандай, сүйүүгө кабылган адам да ар бир күндү эсептеп жашай тургандыгына, бул күндөр өмүр бою анын эсинде өлбөс-өчпөс болуп жашап каларына ишенбей койбойсуң.

Лирикалык каармандын сүйүүсүн жоопсуз сүйүү, анын жан дүйнөсүнүн абалын үмүтсүздүк менен арман катары кабыл албас жана сүрөттөбөс элек. Махабат бул өзгөчө кубулуш, жан дүйнөнүн өзгөчө абалы. Лирикалык каарман жоопсуз сүйүүнү, көз жашты жана арманды тагдырдын ага тартуулаган азап-тозогу катары кабыл албайт, тескерисинче, ошол көз жаштан, армандан рахат алат. Жашоого канат байлайт, жашоого сүйүү толгон көз менен карайт. Анын көз жашы – сүйүүнүн көз жашы. Көз жаш демекчи, көз жаш да кайгынын көз жашы, бакыттын көз жашы деп бөлүнөт эмеспи, а сүйүүнүн көз жашы бакыттын көз жашынан да, кайгынын көз башынан да айырмаланат. Анда бир убакта эле бакты да, бир убакта эле кайгы да даамданып турат.

Кыскасы, Рахат Жуманазарованын ырынан ошол сезимдердин, ой толгоолордун баарын таба аласыз. Ырды окуп жатып, анда махабаттын керемет күчү жана сыры ушунчалык ишенимдүү сүрөттөлгөндүктөн, лирикалык каармандын абалы менен жашайсыз. Логикалык жактан бири-бирине чынжырдай чырмалышкан ойлор сизди сап артынан улам кийинки сапка ээрчитип тарта берет. Ырдын тартуу күчү анын ынанымдуулугунда, сүйүү сезимдерин чебер сүрөттөп, окурманга ишенимдүү жеткире алгандыгында.

Рахат Жуманазарова жөнөкөй, элпек жазат. Ай-асманга учуп кеткен сезимдер тууралуу айтпайт. Анын лирикалык каармандары турмуш кандай жупуну, жөнөкөй болсо, дал ошондой карапайым. Ушундан улам, Рахаттын ырларын жеңил окуйсуң, ошончолук жугумдуу да. Анда “Артымда карайм улам” аттуу ырын окуп көрөлү:

АРТЫМДЫ КАРАЙМ УЛАМ

Азыр мага
башымды жөлөп алып,
мойнунан бек кучактап
ыйлаганга ийин керек.
Ким болсо
ошол болсун,
атын да
айтпай койсун.
Мен ыйлап бүткүчөктү
чачымдан аста сылап,
болгону, болгону эле
ийинин тосуп койсун.
Элпектенип эч кимди
туурабасын,
эбиреп көңүлүмдү улабасын.
Эчкирип кошо ыйлап
бетимди суулабасын.
Эми кантем элдерден
өткөн-кеткен
дегенсип корунбасын,
уялбасын.
“Эмне болду айтсаң”- деп
сурабасын.

Баары бир жооп бере албайм,
бүт денем талып турат,
баягында бакыт издеп
чыккан элем,
ошол сапар мына азыр
карып турат.
Басынып, чүнчүп, анан
көңүлүм көп нерседен
калып турат.

Үн-сөсүз кулачудай,
жыгылсам турбачудай
бир кызык болуп турам.
Көрүнбөйт эч ким жодо,
акыркы күчүм жыйнап,
а балким келатат деп
артымды карайм улам…

Жалгыздык тууралуу бул ыр “азыр мага… ыйлаганга ийин керек” деген жан дүйнөнүн тааныш абалын сүрөттөө менен башталат. Сынчы жана акын Салижан Жигитовдун айтылуу “Элегиясында”: “Шуулдаба, терегим, теректерим, Шуулдасаң, ыйлагым келет менин…” деген саптар бар. Акын Анатай Өмүркановдо бекен: “Келгиле, бир ыйлап алалычы” деген саптар болсо керек эле. Башка деле улуу-кичүү калемгерлерден “ыйлагым келет” деген саптарды жолуктурса болот.

Кеп мында саптардын окшоштугунда эмес, сезимдердин окшоштугунда, жан дүйнөнүн ыйлоо абалына жеткен, башка жол жок чекке келгендигинде.

Рахат Жуманазарованын лирикалык каарманы ким болсо да, ийинин тосуп коюусун каалайт. Эбиреп көңүл улап кереги жок экенин, “Эмне болду айтсаң”- деп сурабасын” аста эскертет. Бул өтө маанилүү. Себеби, ал эмнеге ыйлагысы келип жатканын өзү да билбейт. Бакыт издеп чыкканы эсте, арийне аны таба алдыбы же жокпу, ал аны айтпайт, болгону сапары карыганын, “…басынып, чүнчүп… көңүлү көп нерседен калып турганын” эскерет.

Адамдын жан дүйнөсү сынып, ачылып-чачылып, үмүтү үзүлүп, жедеп чарчап-чаалыгып, бир бар болуп, бир жок болуп, жалгыздык жанды эзген абал баарыбызда бар. Автор мына ошол психологиялык учурду кармай алган жана өзүнүн лирикалык каарманы аркылуу окурманга чебер сүрөттөп жеткире алган. 

Рахат Жуманазарованын ырларында жалгыздык темасы көп кездешет.

ЖАДАДЫМ ЖАЛПЫЛЫКТАН

Кумурсканын уясындай
чоң шаарда,
куюлуп бүт адамдар
төрт тараптын бирине
багыт алган.
Кудай ай,кошула албай
эч кимине
баягы турган
дале турам
кудум эле балыкка окшоп
тебилип кумдуу жээкке
көздөрүн ачкан бойдон
катып калган.
Кайда барсам?
үйүмө бутум тартпайт
дубалдары үстүмө кулачуудай.
Бир ой келди…
Эл агымы азайган
кеч күүгүмдө
Эч бирөөнүн илинбей
назарына
номери жок таксиге
түшүп алып
белгисиз чоң шаардагы
жоголгон бир көчөдө
үнсүздүк үйү болсо,
ошого кетким келди.
Өз киндигим өзүм кесип,
Өз тагдырым өзүм гана
чечким келди.

Жададым жалпылыктан,
жалпылашкан тайкылыктан
Өзүмдү табам балким
бир тапсам жалгыздыктан.

Бул ырда да лирикалык каарман өз киндигин өзү кесип, эч бирөөнүн назарына илинбей, номери жок таксиге түшүп алып билинбей, жалгыздыктан өзүн издейт.

Адамзат коому жашап келаткандан бери коом менен адамдын ортосунда карама-каршылык да, биримдик да жашап келатканы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Карама-каршылык менен биримдик кызыкчылыктары кесилишкен жерде жалпылыктар болбой койбойт. Сөзсүз кездешет.

Акындын лирикалык каарманы мына ушул туурасында кеп кылып жатат. Ал эмнеге өзүн издеп, ошол эле учурда өзүнөн өзү качат? Бул өзгөчө, дайым эле кездеше бербеген, жан тынчтыгын каалаган психологиялык абал. Автор айтып жаткан жалгыздыктын философиясы мына ушул жактан издесек болчудай? Кептин тузу мына ушунда.

Айтор, автор кайсы темада жазбасын ойчул ырларды жазат. Ар бир ырынын, ырдагы лирикалык каарманынын артында адам тагдыры турат.

САГЫНУУ

Сагынуу – бул сени менен кезигишкен
Саналуу сааттарды сенден алыс,
Чеги жок аралыкта, кусалыкта,
Кайра жашоо өзүңсүз өзүм жалгыз.

Сагынуу- жароокер жамалыңдын,
Жашынган жеримден таап кыйнаганы.
Саргыч тартып иреңим жашап келем,
Жактырыпмын кусаңа чыдаганы.

Сагынуу – бул сары чырмоок баш-аяксыз,
Сезимимди сездирбей чырмаганы,
Тоскоолдуктар толтура, а жүрөгүм
Торго түшкөн балыктай туйлаганы.

Бул ырда жан дүйнөнүн кусалыгы, баш-аягы жок сагынычтын чексиздиги абдан назик, ошол эле учурда реалдуу сүрөттөлөт. Сагыныч убакытка баш ийбейт, сагыныч таттуу азап, сагыныч жөн гана бирөөнү эстеп коюу эмес, сагыныч жан дүйнөнүн өзгөчө абалы. Ал адамдын жашоого болгон кумарын ошончо арттырат, акыл-сезимин көкөлөтөт, жашагысын келтирет. Ыр мына ушул сезимдерди ырааттуу бергени менен баалуу.

ЫЗА ЫРЫ

Салаалашсак ыр элек го сабы бир,
Санаалашып баса турган жагы бир.
Садага чаап жаштыгымды мен сүйсөм,
Сары кызга алмаштыңбы дагы бир?

Кечээ күнү болсок дагы жаны бир,
Келбесең кой, бүгүн мага баары бир.
Кечир дебе, кечирбеймин эч качан,
Кектеп өтчү душманымсың дагы бир.

Кумар көз деп эркелетсе жаны бир,
Куушуп келип коно турган шагы бир.
Кудайымдай ишенчү элем өзүңө
Куулугу ашкан пенде экенсиң дагы бир.

Сенден сулуу мени менен жаны бир,
Жаш жигитти сүйүп алам дагы бир…
Деги эмнени сүйлөп жатам өчөшүп,
Өзүңдү эле сүйөт окшойм бары бир!

Сүйүүнүн формуласы да, так аныктамасы да жок дебедикпи. Ал ар кандай болушу, андай да, мындай да болушу ыктымал. Бир гана айныбас чындык бар. Сүйүү – кайтарымсыз сүйүүнү да түшүнөт, кечирет, арийне сүйүүгө карата кыянатчылыкты түшүнө албайт. Сүйүү алдамчылыкты, куулукту, калп айтууну көтөрө албайт.

Бул ыр мына ушул баарыбызга белгилүү ызалык, кызгануу сезимдери тууралуу. Ырдын лирикалык каарманы да ызадан жана кызганычтан улам, сүйгөнүнүн сүйүүгө жасаган кыянаттыгынан улам, жаш жигитти сүйүп калгысы келет. Ошону менен өзүн алдагысы келет, бирок ызалыктан улам өзү сүйүүгө кыянаттык жасагысы келип жатканын түшүнөт да, ал оюнан баш тартат, “Өзүңдү гана сүйөт окшойм баары бир!” ансыз жашай албастыгын, сүйүүнүн улуулугун мойнуна алат.

Эмне дейбиз, Рахат Жуманазарованын улам кийинки ырларын окуган сайын анын таланттуу экенине, ар бир ырды жөн жазбай турганына, ар бир ырынын артында адам тагдыры, адамдын жалгыздыгы, жан дүйнөнүн аялуу жатканына ого бетер ынанасың:

КЕЛДИМ ӨЗҮМ

Бир сени издеп канча аралык багынды,
Саамай чачым сыласа деп сагынды.
Сезер бекен, сезбес бекен жүрөгүң
Издегеним сен жашаган айылда.

Келдим мына келгим келип сагынып,
Каректерим көрөлү деп жалынып.
Келдим өзүм келбесиңди билген соң,
Миң таарынып, эң соңунда жазылып.

Эми өткөн кылымдын 90-жылдарынын аягы 2000-жылдарынын башында келишкен, Мадина Тураева, Сирен Сарбалаева, Назгүл Осмонова, Айжаркын Эргешова, Айнагүл Базарбаева, Аида Эгембердиева, Жыпар Арыкова, Махабат Молдалиева, Динара Бейшеналиева, Азима Акунова, Айзада Авазова, Айгүл Молдокулова баштаган акын кыздарыбыз тууралуу бир ооз сөз айта кетсем, алардын ар бири жазчу ырларын жазып, айтчу сөздөрүн айтып, өз окурмандарын таап калган учуру. Учурдагы улут поэзиясын аларсыз элестетүү эч мүмкүн эмес. Арийне, көп учурда бул акын кыздарыбыздын ысымдары көп аталбай, демек адабияттагы орду да көрсөтүлбөй, бар-жогу билинбегендей мамиле жасалып келет. Андыктан, адабиятчылар болобу, сынчылар болобу, же акындар болобу, алар тууралуу агынан төгүлүп сөз кыла жүргөнү оң.

  • Журналист, акын, эссеист, сынчы, котормочу. Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү. КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана Адабият институтунун изденүүчүсү.

    «Кароол чоку» (1999), «Бүтпөгөн жол» (2001), «Тоолор кулабайт» (2012), «Жети күн» (2013) ырлар жыйнактары, «Бек» проза жыйнагы (2012) жарык көргөн.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген