Сен жанып тур

2/5 - (2 добуш)

Сүйүү деген өлбөстүктүн үрөөн экен,
Максат берип алга сүргөн сүрөөн экен.
Биз жаш өтүп, калсак дагы күмүш кийип,
Жүрөк эңсеп, тамыр соккон мүдөөң экен. 

Ар бир жолу фейсбуктан көргөнүмдө,
Жаш жигиттей көп тигилем сүрөтүңө.
А мен сенден көрбөдүм бир да жолу,
Улгаюнун бырыш жолун ай жүзүңдө. 

Картайбагын, кундуз чачка бубак байлап,
Мүрөк суусун сага берем тапсам майнап.
Себеби сен, жараткандан жаралгансың,
Сүйүү үчүн түбөлүктүү, гүлдөй жайнап. 

Кыйралаңдап карылык келсе эгер,
Күтүп алам мен аны, мага жибер.
А сен болсоң, күлүңдөп күндөй болуп,
Жан ааламда жанып тур, аман-эсен.

2026-жыл, август

  • 1969-жылы Талас облусунун “Манас” айылында туулган. ТМУнун филология факультетин бүтүргөн. Медиа тармагында иштеген. 2001-жылдан бери Кесиптик билим берүү тармагында иштеп келет.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген