Кош бол, курбум, көңүлүмдүн жарыгы,
Элестериң кубат берер жаныма.
Бешенеге жазылса да айрылуу,
Кездешүүнүн жолдору бар алдыда.
Кош бол, курбум, азап тартпа кайгырып,
Сөзүмдү айтып коштошо албайм кол менен.
Өлүм беле турмушта чоң жаңылык?
Бул жашоого кимдер келип-кетпеген?
(1895–1925)
Улуу орус акыны, орус адабиятынын тарыхындагы эң таанымал жана эл сүйгөн лириктердин бири. Анын чыгармачылыгы орус жаратылышына, айыл турмушуна, махабатка жана мекенге болгон чексиз сүйүүгө сугарылган. Ал өзүн «акыркы айыл акыны» деп атаган.
1972-жылы Алай районунун Гүлчө айлында туулган. 1994-жылы Кыргыз Улуттук университетинин физика-техникалык факультетин бүтүргөн. Ошондон бери КРСУда, КУУда иштеп келет. Физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент. Акын, котормочу.