Сезим
Сергитип жүрөк,
Сезимдер жүрөт,
Өрт болуп дүйнөм
сен үчүн күйөт.
Себелейт сезим,
Керемет эргип,
Көңүлүм сага
Бурулат ээрчип.
Сезимдер өрттөп,
Өзүңө барам,
Айталбай сага
Айыкпай жарам.
Алыстап бирок
Өзүңдү самайм.
Канткенде сага
Сүйүүмдү арнайм.
Жан эркем менин,
Жароокер мүнөз,
Жаныңда сенин
Жан дүйнөм тегиз.
А бирок баарын
Билдирбей келиш –
Мен үчүн арман,
Мен үчүн жалган.
Керемет сезим,
Кенимдей менин.
Өмүрдүн гүлүн,
Өзүңө бердим.
Ажарың айдай,
Суктанып келдим.
Алыста калдың ,
Жетпеди колум.
