|

Жан кечти сүйүү

5/5 - (1 добуш)

(аңгеме)

– Бектурдун машинасына бир жыл олтурбай эле коюңуз? – деди чоң уулу Сардар кабатыр үн менен.

– Эмнеге?! – Чочуп кетти эне. Жакында автоунаа сатып алып, айдаганды жакшы үйрөнө элек уулу Бектурга “бир нерсе болдубу” деген шүйкүм ойдон өңү кубарып.

– Ал жакшы айдай албайт да. Кокус…

– Койчу?! Кудай сактасын! Бектурдун балакетин алайын!

Экөө бир топко унчукпай калды. Эненин жүрөгү ооруду. Чоң уулунун саксынып жаткан себебин түшүнүп турат. Ага апасынын өмүрү менен ден соолугу кымбат экен. Бирок анын сөзү: “Кокус Бектур кырсыкка учураса, сиз соо калыңыз!” – дегендей угулуп, денеси муздай түштү. Апасын аяганы менен инисинин аманчылыгын андан бир сөөм төмөн коюшу оор тийди. Бектур ага жат эмес го, кара чечекей үкөсү. Эненин санаасы зылдай оор тартып, ойго чөктү.

Чоң уулу да жаңыдан автоунаалуу болуп, үйрөнчүк айдап жүргөндө да дамамат алдыга олтурчу кезин эстеди. Ошентсе рулдагы баласын ар кандай жамандык кыйгап өтөрүндөй, же болбосо кырсыкка өзү төшүн тосуп, уулун сактап калчудай сезилчү. Ошол тилеги себеп болдубу, Сардар бир топ жылдан бери машинесин тынч-аман айдап жүрөт.

Эми Бектур автоунаалуу болуп, рулга колу тийгенден бери көңүлү тынч эмес. Экөө бир жакка жөнөгөндө озунуп алдыга олтурат да, кош алакан жайып, бата кылмайынча жолго чыкпайт. Уулуна катарлаш олтуруп баратса энелик периштеси тооруган кырсыктан калкалап калардай сезилет. Бул “Баламдын таманына кире турган тикен жүрөгүмө тепчилсин”, – деген жан кечти сүйүү энеге жан бүткөндөн кошо жаралып, жүрөк толтосунан тереңине төөнүп, көзү өткөнчө ажырабаган бир азаптуу да, ыйык да, улуу сезим эле.

Чоң уулу кабатырланган сөзү менен апасынын жанын кейиткенин сезбегендей автоунаасын жеңил айдап келатты.

  • Акын-жазуучу, котормочу, журналист. 1956-жылы Ош облусуна караштуу Алай районунун Мурдаш айылында төрөлгөн. КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

    11 прозалык жана поэтикалык жыйнактын автору: «Аял сыры» (1998), «Жамгыр тоодон башталат» (2001), «Кут түшкөн түндөр» (2006), «5 жыл» (2008), «Сыркеч жамгыр» (2008), «Урушчак каздар» (2009), «Академик Текенов» (2011), «Арыба, Жүрөк» (2014), «Дос» (2016), «Томаяк издеген бакыт» (2020). Ошондой эле балдарга арналган бир катар китептердин автору.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген