Кыргыз акын-жазуучуларынын 100 мыкты чыгармасы
Ар бир адамдын кайра-кайра окугандан тажабаган, окуган сайын рахат алган, өзү үчүн жаңы нерсени ачып турган жакшы көргөн китептери болот. Атактуу америкалык жазуучу Рэй Брэдбери “Акылдуу болуш үчүн 10 китепти окуганың жетиштүү, бирок аларды табыш үчүн миңдеген китептерди окуп чыгышың керек” деп айткан имиш.
Жашоо агымы уламдан улам тездеп жаткан заманда китеп окууга убакыт табыш кыйын болуп барат. Ушундайда тажрыйбалуу, билимдүү башка бирөөнүн кеңеши алтынга тете эмеспи. “Кыргыз баласы сөзсүз окуй турган кыргыз акын-жазуучуларынын 100 мыкты чыгармасы” деген тизмегибиз ошондой кеңешчи боло алат болушу керек деп үмүттөнөбүз.
Бул тизмекти түзүш үчүн биз таанып сыйлаган калемгерлерден, адабиятка кызыккан окурмандардан алар жакшы көрүп окуган кыргыз акын-жазуучулардын 10 чыгармасын атап кетүүсүн суранып кайрылганбыз.
Жалпы жонунан 140ка жакын келип түшкөн жоопто 194 автордун ысымы, 363 чыгарманын аты аталды. Айрымдар чет элдик авторлордун кыргыз тилине которулган чыгармаларын атай кетишиптир, сурамжылообуздун максатына туура келбегендиктен биз аларды эсепке алган жокпуз. Бир гана Шота Руставелинин “Жолборс терисин жамынган баатыр” поэмасынын Алыкул Осмонов жасаган котормосун калтырдык. Биздин пикирибизде, бул котормону Алыкулдун автордук чыгармасы деп атасак болчудай, анткени кыргыз акыны грузин тилиндеги поэманын негизги сюжетин калтырып, аны эркин которуп кыргызча төгүп салган.
Добуштарды эсептөөдөгү айрым жагдайларга токтоло кетсек.
- Ар бир аталган чыгармага бирден добуш берилди.
- Өз алдынча каралган чыгармалардын эң чаканы аңгемелер жана поэмалар болду. Айрым ырлар аталган учурларда жалпы жонунан аларды жазган акындын ырлары катары караштырып, акындын ар бир ыры аталган сайын ага бирден добуш берилип жатты.
- Өзүнчө чыгарманы атабай кайсы бир автордун бардык чыгармалары деген жооп болгондо, биз ошол автордун сурамжылоо учурунда аталган бардык чыгармаларына бирден добушту бердик. (Бирок эмки сурамжылоо жүргүзүүдө ушул маселени эске алуу зарыл экенин байкадык).
Назарыңыздарга “Кыргыз баласы сөзсүз окуй турган кыргыз акын-жазуучуларынын 100 мыкты чыгармасы” тизмегин сунуштайбыз:
- Касымбеков Төлөгөн, “Сынган кылыч” (роман)
- Айтматов Чыңгыз, “Кылым карытар бир күн” (роман)
- Айтматов Чыңгыз, “Кыямат” (роман)
- Айтматов Чыңгыз, “Жамийла” (повесть)
- Айтматов Чыңгыз, “Саманчынын жолу” (повесть)
- Сыдыкбеков Түгөлбай, “Көк асаба” (роман)
- Айтматов Чыңгыз, “Ак кеме” (повесть)
- “Манас” (эпос)
- Айтматов Чыңгыз, “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” (повесть)
- Жакыпбеков Ашым, “Теңири Манас” (роман)
- Осмонов Алыкул, ырлары
- Сактанов Көчкөн, “Маркумдар үнү” (роман)
- Элебаев Мукай, “Узак жол” (роман)
- Айтматов Чыңгыз, “Гүлсарат” (повесть)
- Айтматов Чыңгыз, “Тоолор кулаганда” (роман)
- Жантөшев Касымалы, “Каныбек” (роман)
- Осмоналиев Качкынбай, “Көчмөндөр кагылышы” (роман)
- Дүйшеев Шайлообек, “Агындылар” (китеп)
- Касымбеков Төлөгөн, “Кел-кел” (роман)
- Айтматов Чыңгыз, “Биринчи мугалим” (повесть)
- Айтматов Чыңгыз, “Кызыл жоолук жалжалым” (“Делбирим”) (повесть)
- Айтматов Чыңгыз, “Бетме бет” (повесть)
- Айтматов Чыңгыз, “Кассандра эн тамгасы” (роман)
- Айтматов Чыңгыз, “Кызыл алма” (аңгеме)
- Айтматов Чыңгыз, “Эрте келген турналар” (повесть)
- Айтматов Чыңгыз, “Фудзиямадагы кадыр түн” (пьеса)
- Айтматов Чыңгыз, “Кайрылып куштар келгенче” (ангеме)
- Гапаров Мурза, “Байчечек” (аңгеме)
- Гапаров Мурза, “Кара-Көлдүн каздары” (аңгеме)
- Гапаров Мурза, “Айгүл тоо” (аңгеме)
- Гапаров Мурза, “Дарыялардын шоокуму” (повесть)
- Гапаров Мурза, “Кыштакча” (повесть)
- Гапаров Мурза, “Газала” (аңгеме)
- Акматбекова Сагын, ырлары
- Гапаров Мурза, “Күнөстүү арал” (киноповесть)
- Гапаров Мурза, “Экөө ээн бакта” (аңгеме)
- Жусубалиев Кубатбек, “Муздак дубалдар” (роман)
- Сарногоев Байдылда, ырлары
- “Семетей” (эпос)
- Гапаров Мурза, “Кызыл беде” (киноповесть)
- “Сейтек” (эпос)
- Гапаров Мурза, “Аялдар деңизи” (аңгеме)
- Гапаров Мурза, “Түш” (аңгеме)
- Сооронбаева Зуура, “Чоочун киши” (роман)
- Жусубалиев Кубатбек, “Күн автопортретин тартып бүтө элек” (повесть)
- Койчиев Арслан, “Мисмилдирик” (“Беделдеги каргыш”) (роман)
- Раев Султан, “Топон” (роман)
- Токомбаев Аалы, “Кандуу жылдар” (роман)
- Абдукаимов Узакбай, “Майдан” (роман)
- Акматов Казат, “Мезгил” (роман)
- Акматов Казат, “Мунабия” (аңгеме)
- Гургубаева Нарсулуу, ырлары
- Султанов Омор, ырлары
- Баласагын Жусуп, “Кут алчу билим” (дастан)
- Раев Султан, “Жанжаза” (роман)
- Саспаев Аман, “Татым туз” (аңгеме)
- Акматов Казат, “Архат” (роман)
- Баялинов Касымалы, “Ажар” (повесть)
- Кожомбердиев Турар, “Оту өчпөгөн коломто” (жыйнак)
- Мамытов Жолон, ырлары
- Раев Султан, “Күн кармаган бала” (повесть)
- Ажыматов Зайырбек, ырлары
- Даникеев Өскөн, “Көкөй кести” (роман)
- Жакиев Бексултан, “Атанын тагдыры” (драма)
- Жеңижок (Өтө Көкө уулу), “Аккан суу”
- Касаболотов Жыргалбек, ырлары
- Касымбеков Төлөгөн, “Адам болгум келет” (повесть)
- Саспаев Аман, “Сарала ит” (аңгеме)
- Станалиев Самсак, “Касым Тыныстанов. Чагылгандын көз жашы” (роман)
- Токомбаев Аалы, “Күүнүн сыры” (аңгеме)
- Байжиев Мар, “Бир тоголок самын” (аңгеме)
- Байжиев Мар, “Кылмышка бир секунд калганда” (аңгеме)
- Байжиев Мар, “Эрөөл” (пьеса)
- Дүйшеев Шайлообек, ырлары
- Осмонов Алыкул, “Жолборс терисин жамынган баатыр”
- Сатылганов Токтогул, чыгармалары
- Станалиев Самсак, “Ак жарыктын айыкпаган сыныгы” (роман)
- Султанов Омор, “Чарчоонун жүзүнчү ыры” (ыр түрмөгү)
- Шайдуллаева Топчугүл, аңгемелери
- “Эр Төштүк” (эпос)
- Алыбаев Мидин, ырлары
- Жигитов Салижан, “Күн тууду” (“Ит икаясы”) (повесть)
- Жигитов Салижан, ырлары
- Жусубалиев Кубатбек, “Жети сөз жана Конфуций” (китеп)
- Жусубалиев Кубатбек, “Толубай сынчы” (аңгеме)
- Жусубалиев Кубатбек, “Улакчы” (аңгеме)
- Капаров Нуралы, “Кардагы из” (аңгеме)
- Матисаков Абдиламит, “Баткан күндү аяймын” (китеп)
- Раев Султан, “Пусу” (аңгеме)
- Раев Султан, “Суу” (аңгеме)
- Раев Султан, “Топурак” (аңгеме)
- Рыскулов Сардарбек, “Кара шумкар” (повесть)
- Рыскулов Сардарбек, “Кашка ат, карагер жорго” (повесть)
- Сооронбаева Зуура, “Астра гүлү” (повесть)
- Стамов Асанбек, “Хан Тейиш” (роман)
- Султанов Омор, “Сен жөнүндө поэма” (ыр түрмөктөрү)
- Сыдыкбеков Түгөлбай, “Тоо арасында” (“Биздин замандын кишилери”) (роман)
- Токомбаев Аалы, “Жараланган жүрөк” (повесть)
- Элебаев Мукай, “Кыйын кезең” (аңгеме)
- Эралиев Сүйүнбай, “Ак Мөөр” (поэма)
